ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түндүк Ирактагы үңкүрдө метан газынын чыгуусунан 12 түрк аскери каза болду
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер операцияларды көзөмөлдөө жана текшерүү жүргүзүү үчүн жогорку даражалуу аскер командирлери менен аймакка барды.
Түндүк Ирактагы үңкүрдө метан газынын чыгуусунан 12 түрк аскери каза болду
Операция 2022-жылы ПКК террористтери тарабынан шейит кылынган бир аскердин сөөктөрүн издөө аракетинин алкагында өткөрүлдү. (Фото: AA) / AA

Улуттук Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн издөө операциясында 12 түрк аскеринин метан газына кабылып шейит болгонун жарыялады.

Окуя жекшемби күнү ПКК террордук уюм мүчөлөрү баш калкалаган 852 метр бийиктиктеги Чеңгел-Кулпу операциясы аймагындагы үңкүрдө жүргүзүлгөн издөө-тинтүү операциясында болгон.

2022-жылы ПКК террористтери тарабынан шейит кылынган бир аскердин сөөгүн издөөнүн алкагында жүргүзүлгөн операцияда газдан 19 кызматкер жабыркап, 4 киши каза болуп, жалпы шейит саны 12ге жетти.

Министр Яшар Гүлер жогорку даражалуу аскер командирлери менен аймакка барып иликтөө жүргүздү жана шейиттер менен коштошуу зыйнатына да катышты.

Министрликтин билдирүүсүндө : «Ушул окуядан улам кымбаттуу шейиттерибизге дагы бир жолу Аллахтан ырайым тилеп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрүбүзгө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейм»,-деп айтылды.

Түркия, АКШ жана ЕБ тарабынан террордук уюм деп табылган ПКК 40 жылдан ашуун убакыттан бери Түркияга каршы кандуу козголоң жүргүзүп келет.

Түркия бул коркунучтарга жооп иретинде 2022-жылы Ирактын түндүгүндөгү Метина, Зап жана Авашин-Басян аймактарындагы ПККнын баш калкалоочу жайларын бутага алган «Чеңгел-Кулпу» операциясын баштаган. 

ПКК Түндүк Иракты Түркияга чек ара чабуулдарын пландоо жана ишке ашыруу үчүн көбүнчө база катары колдонот.

Түрк расмийлери Анкаранын аракеттери БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык келерин жана куралдуу кол салуу болгон учурда өзүн-өзү коргоо укугун пайдаланып жатканын бир нече жолу баса белгилешкен.

Кошумчалай кетсек, Түркия менен Ирактын ортосундагы эки тараптуу келишимдер Түркияга Ирак аймагында терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Иликте
"Израиль Чыгыш Кудстагы Британиянын консулдугун 30 күндүн ичинде жабууга буйрук берди"
Канаданын АКШга каршы жооп иретиндеги тарифтери күчүнө кирди
АКШ Ирандын көптөгөн танкерлерине кол салды
Түркия хуситтердин кол салууларын айыптады
Жаңы Зеландия Израилди Батыш Шериадагы мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү токтотууга чакырды
Иран Иордандагы АКШ базасын бутага алды: Американын эсминецтерин атканын билдирди
Катар жана Кытай Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эркиндигин талкуулашты
Непал-Кытай чек арасындагы селден каза болгондордун саны 1400гө жетти
Венгрия 10 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
Ирандан чабуулчулар "толугу менен өкүнгөнгө" чейин каршылык көрсөтүү убадасы
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү