ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Индиянын борбор шаарында болгон катуу шамал жана чаңдуу бороондо 4 киши каза болду
Катаал аба шарттары 100дөн ашуун учак каттамынын кечигүүсүн, дарактардын көңтөрүлүшүнө жана суулардын ташуусуна себеп болду.
00:00
Индиянын борбор шаарында болгон катуу шамал жана чаңдуу бороондо 4 киши каза болду
A man wades through a waterlogged street in a wholesale market after rain, in New Delhi / Reuters

Жетекчилер Индиянын борбор шаары Делиде жума күнү эрте менен катуу болгон шамал, чаңдуу бороон жана жамгыр жаашынан улам кеминде төрт кишинин каза болгонун, 100дөн ашуун учак каттамынын  кечеңдетилгендигин билдирди.

Мамлекеттик метеорологдордун маалыматына караганда, жума күнү эртең менен Дели шаарында "катуу күн күркүрөгөн бороон" менен коштолгон шамал катталган. Шаардын Сафдаржунг аймагында шамалдын эң жогорку ылдамдыгы саатына бир нече чакырымга жеткен. Ошондой эле, катуу күн күркүрөгөн бороон менен коштолгон жаан-чачын да катталды.

Катуу аба ырайы дарактардын кулашына жана суу топтолууга алып келип, бул абал учак каттамдарына таасир эткен. Flightradar24.com маалыматына ылайык, 100дөн ашуун каттам кечеңдетилди.

Дели эл аралык аэропорту жума күнү эртең менен аба ырайынын начардыгынан жана күн күркүрөгөн бороондон улам айрым каттамдардын таасрленгендигин билдирди.

Андан кийин билдирилген маалыматта аэропорттун ишин нормалдуу уланткандыгы бирок ыңгайсыз аба шарттарынан улам айрым таасирлердин болгону белгиленди. Өзгөчө Делидеги начар аба шарттарынын аэропорттун айланасында дарактардын кулашына жана жолдордун жабылышына жол ачкандыгы маалымдалды.

Мындан тышкары, жетекчилердин айтымында, эртең мененки катуу шамалдын айынан Делинин Дварака аймагында төрт адам, анын ичинде үч бала каза болгон.

Делинин премьер  - министри Рекха Гупта жума күнү бардык жетекчилерге суу каптаган аймактарды аныктоо жана чечүү жолдорун табуу боюнча тапшырмалардын берилгендигин айтты.

Иликте
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү