ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Нигерияда куралчан адамдар мектептен көп сандаган окуучуну уурдашты
Нигериянын Түндүк Борбордук аймагында жүздөгөн мектептер кол салуулардан кийин белгисиз мөөнөткө жабылды. Коопсуздукка байланыштуу кооптонуулар жогору бойдон калууда.
Нигерияда куралчан адамдар мектептен көп сандаган окуучуну  уурдашты
Нигериянын Кебби штатындагы мамлекеттик кыздар жатак мектебине куралчандар кол салгандан кийинки жатакана бөлмөсүндөгү металл керебеттер. / Reuters

Жергиликтүү Arise News телеканалынын жума күнкү маалыматына ылайык, Нигерияда куралчан адамдар Нигер штатынын аймагындагы католик мектебинен 52 окуучуну уурдап кетишти.

Нигер штатынын өкмөтү бул окуяны тастыктады, бирок уурдалган окуучулардын так саны азыр да тактала электигин билдирди.

"Нигер штатынын өкмөтү Ыйык Мария мектебинен окуучулардын уурдалышы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды"-, деп айтылган билдирүүдө, коопсуздук күчтөрүнүн окуучуларды издеп жатканы кошумчаланды.

Нигерияда куралчан адамдар бир нече жолу кол салды. Булардын арасында дүйшөмбү күнү Кебби штатындагы жатак мектептен 25 кыз окуучу уурдалганы да бар.

Нигер штатынын полициясы тактикалык бөлүктөр жана армиянын окуучуларды издөө үчүн жайгаштырылганын билдирди.

Шейшемби күнү Батыш Нигериядагы чиркөөгө жасалган башка кол салууда куралчан адамдар ибадат кылган эки кишини өлтүрүштү. Кол салуу болгон учурда диний азем онлайн көрсөтүлүп жаткан.

Чиркөөнүн бир кызматкери жума күнү Reuters агенттигине куралчан адамдардын дагы 38 адамды уурдап кетишкенин жана адам башына 100 миллион найра (болжол менен 69 миң АКШ доллары) өлчөмүндө кун талап кылып жатканын айтты.

Бул кол салуулар Батыш Африкада жайгашкан Нигериядагы коопсуздук маселелерин кайрадан козгоду.

Президент Бола Тинбу кол салуулардан кийин чет өлкөгө болгон сапарларын кийинкиге калтырды.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти