ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Түркия Газага аскер жөнөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык иш алып барат
Түркиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Гүлнур Айбет ЮНЕСКОнун бул чечимди кабыл алуу менен көп тилдүүлүккө, маданий түрдүүлүккө жана элдер аралык диалогго болгон мурунку берилгендигин кайрадан тастыктаганын айтты.
Түркия Газага аскер жөнөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык иш алып барат
Hakan Fidan says Israel has been violating truce and has already killed at least 250 Palestinians since ceasefire took effect.
4 Ноябрь 2025

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин курчоосунда турган Газага аскерлерди жөнөтүү чечими Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУК) резолюциясынын мазмунуна жараша болорун билдирди.

Фидан дүйшөмбү күнү өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын Газадагы сунушталган эл аралык турукташтыруу күчүнө катышуусу тууралуу айтып жатып:"Биз сүйлөшкөн өлкөлөр муну айтып жатышат: БУУнун Коопсуздук Кеңешинен күтүлгөн чечимдин аныктамасына ылайык аскер жөнөтөбүзбү же жокпу, ошого жараша чечим чыгарышат", - деди.

Фидан Стамбулда Индонезия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Иорданиянын тышкы иштер министрлери жана Бириккен Араб Эмираттары менен Катардан келген өкүлдөр катышкан жыйын өткөргөн. Жыйында өлкөлөр үчүн негизги маселенин БУУ Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын алкагында мандаты жана мыйзамдуулугу аныкталган күч түзүү экенин белгиледи.

“Өлкөлөр негизинен эл аралык стабилизациялык күчтөрдүн мандаты жана ыйгарым укуктарына жараша чечим кабыл алышат. Эгерде мандат алардын принциптерине жана саясатына каршы келсе, аскер жөнөтүү кыйын болот деп ойлойм”, – деп кошумчалады Фидан.

Фидан: "Президент Режеп Таййип Эрдогандын бул маселе боюнча билдирүүлөрү Түркиянын тынчтык үчүн кадам таштоого жана керектүү курмандыктарга барууга даяр экенин "ачык көрсөткөнүн" айтты. "Бирок, пайда боло турган документтердин жана алкактын биз колдой ала турган сапатта болушу да маанилүү. Ошондуктан, бул маселе боюнча дипломатиялык байланыштарыбыз жана аракеттерибиз уланууда", - деди.

Тышкы иштер министри Фидан күч колдонуу укугунун аныктамасы бекитиле турган процессте алгач долбоордун үстүндө жалпы макулдашууга жетишүү, андан соң бул долбоорду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү вето кылбай туруп жактырышы керектигин баса белгиледи. Түркия жана өнөктөш өлкөлөр бул процесстин ар бир этабында иштерин улантып жатканын айтты.

Фидан бул процесстин "өтө маанилүү" процесс экенин баса белгилеп:"Бул процессте өтө этият болушубуз керек. Палестина маселесин чечүү үчүн ташталган ар кандай кадам, учурдагы көйгөйдү чечүү менен келечекте жаңы кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон структуралык негизди түзбөшү керек. Биз буга абдан көңүл буруп жатабыз", - деди.

Фидан Газадагы башкаруунун кандайча түзүлө тургандыгы жана бул боюнча эл аралык коомчулуктун пикири тууралуу суроого жооп берип жатып:"Негизинен бул боюнча ортобузда макулдашуу бар. Бул боюнча бизде да, палестиналыктарда да көйгөй жок. Бирок Израиль жана башка эл аралык актерлор башкача көз карашта. Бул эки башка көз карашты жакындаштыруу үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөр, талкуулар жана даярдыктар жүрүп жатат", - деди.

Фидан даярдалып жаткан тексттин жана түзүлө турган системанын маанисин белгилеп, анда кайсы артыкчылыктар эске алынарын айтты. “Принцип – палестиналыктард өздөрүн өздөрү башкаруусу жана өз коопсуздугун камсыздоосу керек”, – деп кошумчалады.

Ал бул маселени натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эл аралык коомчулук дипломатиялык, институционалдык жана экономикалык колдоо көрсөтүшү керектигин белгилеп, айрым өзгөртүүлөрдү кылдаттык менен киргизүүнүн зарыл экенин айтты.

“Азырынча ок атышпоо келишими бар, бирок туруктуу чечимге карай кадам ташталганда, Палестина маселесинин түпкүрүндөгү терең карама-каршылыктар кайрадан пайда болот. Булар көп жылдар бою чечилбей келген пикир келишпестиктер", - деди.

Газадагы башкаруу планынын негизинде башкаруу тууралуу суроолорго жоор берген Фидан : “Кандай гана документ даярдалбасын же демилге көтөрүлбөсүн, Палестина маселесинин көптөн бери белгилүү жана кабыл алынган аныктамасы өзгөрбөшү керек. Натыйжада 1967-жылдагы чек аралардын алкагында Палестина мамлекети жана эки мамлекеттүү чечим – бул эл аралык укук жана практика боюнча Палестина маселесинин таанылган аныктамасы,” – деди.

Фидан Газадагы адамзатка каршы кылмыштарды токтотуу жана ок атышпоо келишиминин улантылышын камсыздоо биринчи кезектеги милдет экенин айтты.

Фидан Газага багытталган акыркы жыйындардын АКШнын президенти Дональд Трамп менен сентябрь айында Нью-Йоркто жана өткөн айда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында өткөн саммит менен бирге жаңы процессти баштап, дүйнө жүзү боюнча колдоо жаратканын айтты.

Келишимдердин алкагында барымтадагылар жана туткундар алмашыла баштады, гуманитардык жардам Газага кире баштады, Израилдин күчтөрү жарым-жартылай артка чегинди жана түндүк Газага кайтуулар ишке ашты.

Фидан келишимди толук аткаруудагы кыйынчылыктарды белгилеп, Израиль бир нече жолу ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, күн сайын 600 жүк ташуучу унаа жана 50 күйүүчү май ташуучу унааны камтышы керек болгон жардам жеткирүүнү токтотконун баса белгиледи.

Фидан эл аралык коомчулуктун Израилге кысым көрсөтүүнү улантышы керектигин, ок атышууну токтотуудан бери Газада болжол менен 250 палестиналыктын өлтүрүлгөнүн белгиледи.

Фидан Газа администрациясы тууралуу ХАМАСтын бийликти Палестинанын жетекчилиги астындагы комитетке өткөрүп берүүгө даяр экенин жана бул түзөтүүлөрдүн Палестинанын укуктарын коргоо менен бирге туруктуу болушу керектигин айтты.

Фидан Газаны кайра куруу Палестинанын үмүтүн жана биримдигин жандандыруу жана анын эл аралык өкүлчүлүгүн бекемдөө үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Сабфрдуулукка, чечкиндүүлүккө жана эл аралык координацияга чакырган Тышкы иштер министри Хакан Фидан эч кандай аракеттин ок атышууну токтотууга же эки мамлекеттүү чечимге жетүү жолуна тоскоол болбошу керектигин эскертти.

Иликте
Түркияда өлкөнүн негиздөөчүсү Ататүрктүн каза болгонунун 87 жылдыгы белгиленүүдө
Стамбулда «Газанын келечеги» аттуу эл аралык саммит өтөт
Түркиянын тышкы иштер министри дүйшөмбү күнү АКШга барат
Эрдоган: «Ооганстан менен уланган ок атышпоонун морттугунан улам түрк делегациясы Пакистанга барат»
Президент Эрдоган Вашингтон F-35 боюнча милдеттенмелерин аткарат деп үмүттөнөт
Түркия кибер тыңчылыкка шектелген эки адамды камакка алды
Президент Эрдоган: Азербайжандын Карабах жеңиши Кавказда тынчтык үчүн негизги ролду ойноп жатат
Түркия Нетаньяху жана 36 кишиге Газадагы геноцидге байланыштуу камакка алуу чечимин чыгарды
Түркиянын президенти Эрдоган менен Ливиянын премьер  - министри Дибейбе сүйлөштү
Британиянын Анкарадагы элчиси: Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролу "өтө маанилүү"
Түркия Сирия президенти менен ички иштер министрин БУУнун санкциялар тизмесинен чыгарууну кубаттады
Түрк аба жолдору испан Air Europa компаниясынан 355 миллион долларлык акция сатып алды
Түркия ХАМАСтын расмий өкүлдөрүн Стамбулда кабыл алды
Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды
Түркиянын коргонуу экспорту 2025-жылдын алгачкы 10 айында 31 пайызга өстү
Түркия ноябрь айында Сирияга карата транзиттик ташууларды баштайт
Фидан: Израиль Газадагы ок атышпоону саботаж кылды жана бул үчүн жооп бериши керек
ЮНЕСКО Эрдогандын сунушу менен 15-декабрды "Дүйнөлүк түрк тилдеринин үй-бүлө күнү" деп жарыялды
Эрдоган: Түркия коргонуу долбоорлору боюнча европалык өнөктөштөрү менен кызматташуусун тездетет
Эрдоган: «ИКУ Сириянын экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн атайын программаны баштады»