ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
АКШнын Ички коопсуздук министри Кристи Ноем Ак үйдүн жанында ооган жараны катышкан өлүмгө алып келген атышуудан кийин президент Дональд Трамп саякаттоого тыюу салууну кеңири түрдө кеңейтүүнү карап жатканын билдирди.
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн. / AP

АКШнын Ички коопсуздук министри Кристи Ноем бейшемби күнү АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтүүнү карап жатканын билдирди. Эгерде ишке ашырылса бул чаралар Трамптын администрациясы чектөөлөрдү баштагандан берки эң кеңириси болот.

Ноем Fox News каналына берген маегинде "Мен так санын айтпайм, бирок 30дан ашык өлкө бар жана президент бул өлкөлөрдү баалоону улантууда", - деди. Ал эми саякат кылган жарандарын кылдат текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жана "туруктуу" өкмөттөрү жок өлкөлөрдүн жарандарына АКШнын кирүүгө тыюу салбашы керектигин жактады.

Анын бул сөздөрү аптанын башындагы катуу билдирүүсүнөн кийин айтылды. Мурунку билдирүүсүндө Ноэм “өлкөнү киши өлтүргүчтөргө, акылсыздарга жана түбөлүккө артыкчылык издегендерге толтурган ар бир өлкөгө толук саякаттоого тыюу салууну" сунуштаган.

Вашингтондогу куралдуу кол салуу саякаттоого кеңири чектөөлөрдү киргизүү талабын күчөттү

Чектөөлөрдү кеңейтүү аракеттери президент Дональд Трамп 28-ноябрда "үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн" иммиграцияны биротоло токтотуу жөнүндө эскерткенден кийин жасалды. Трамптын билдирүүсүнө 26-ноябрда Ак үйдүн жанында Улуттук гвардиянын бир кызматкери каза болуп, экинчиси жарадар болгон атышуу себеп болду.

АКШнын маалымат каражаттарынын кабарына караганда, 2021-жылы АКШнын Кабулдан эвакуациясы учурунда АКШга кирип, апрель айында башпаанек алган 29 жаштагы ооган жараны болгон шектүү мурда АКШнын бир нече мамлекеттик органдары, анын ичинде ЦРУ менен иштешкен.

Бул окуя Ооганстанга берилген визаларды жана башпаанек уруксаттарын дароо токтотууга алып келди. Ошондой эле коопсуздук текшерүүсүндөгү кемчиликтер, визанын мөөнөтү өтүп кеткен жогорку көрсөткүчтөр жана айрым өкмөттөрдүн депортацияланган жарандарды кабыл алуудан баш тартуусунан улам 19 өлкөдөн кирүүгө чектөө койгон июнь айындагы аткаруучу буйрукту кайра карап чыгууга түрткү болду.

Ресми өкүлдөрдүн айтымында, Ак үй азыр тизмени кеңейтүү керекпи деген маселени карап жатат.

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт