ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
БУУ Башкы ассамблеясы палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүү укугун колдогон резолюция кабыл алды
164 өлкөнүн "макул" добушу менен көпчүлүк тарабынан кабыл алынган чечим, көз карандысыз Палестина мамлекетине болгон колдоону дагы бир жолу тастыктады.
БУУ Башкы ассамблеясы палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүү укугун колдогон резолюция кабыл алды
АРХИВ: БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүү укугун колдойт. / Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүү укугун, анын ичинде көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү укугун дагы бир жолу ырастаган резолюция долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Резолюция 164 мүчө мамлекеттин макулдугу менен кабыл алынды, ал эми сегиз өлкө - Израиль, АКШ, Микронезия, Аргентина, Парагвай, Папуа-Жаңы Гвинея, Палау жана Науру каршы добуш беришти.

Башкы Ассамблеянын "элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугу" күн тартибинде кабыл алынган резолюцияда Палестина элинин өзүнүн саясий статусун эркин аныктоо, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүн улантуу укугун тааныган БУУнун түпкү позициясы кайрадан баса белгиленди.

Текстте БУУнун Уставы жана эл аралык адам укуктары боюнча келишимдер менен бирге БУУнун мурунку резолюцияларына жана эл аралык укуктук документтерге шилтеме жасалып, өз тагдырын өзү чечүү укугу эл аралык укуктун негизги принциби болуп саналаары баса белгиленди.

Резолюцияда ошондой эле бардык мамлекеттер, БУУнун адистештирилген мекемелери жана БУУнун органдары бул укукту мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууда Палестина элине колдоо жана жардам көрсөтүүнү улантууга чакырылды.

Өзгөчө Чыгыш Кудс да болгон оккупацияланган Палестина аймактарынын аймактык биримдигин, бүтүндүгүнө сый көрсөтүү зарылдыгы баса белгиленди. Резолюцияда эл аралык укуктун жана БУУнун тиешелүү резолюцияларынын алкагында адилеттүү, узак мөөнөттүү жана ар тараптуу тынчтыкты колдоо кайталанды.

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү