Пентагон: Ирандын коргонуу өнөр жайынын инфраструктурасы "толугу менен" талкаланды
Хегсеттин айтымында, АКШ күчтөрү Ирандын ок атышууну токтотуу шарттарын сакташына жана акыры узак мөөнөттүү келишимге жетүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтып келишине кепилдик берүүгө даяр.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШнын Иранга каршы согушу өлкөнүн ракеталарды жана башка алдыңкы куралдарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн "толугу менен" жок кылганын билдирди.
АКШ менен Иран мурунку күнү кечинде эки жумалык ок атышууну токтотуу келишимин түзүштү. Бул келишим дээрлик алты жумага созулган АКШ-Израиль биргелешкен аскердик операциясын токтотту.
Хегсет шаршемби күнү журналисттерге берген маалыматында: "Биз негизги милдеттерибиздин бири болгон Ирандын коргонуу өнөр жайынын инфраструктурасын толугу менен талкалоо максатына жеттик", — деди.
"Мындан ары ракета,ларды, снарияддарды, дрондорду чыгара алышпайт — заводдору талкаланып, тарыхый масштабда артка кетти", - деп кошумчалады.
Хегсеттин айтымында, эгер Иран коюлган шарттарды четке какса, кезектеги буталар электр станциялары, көпүрөлөр, мунай жана энергетика инфраструктурасы болмок. Бул билдирүү президент Дональд Трамптын, эгер өлкө келишимге макул болбосо "бүтүндөй бир цивилизация жок кылынат" деген коркутуусунан кийин жасалды.
Ирандын курал-жарак фабрикаларынын 90 пайызы талкаланды
Хегсет менен бирге маалымат берген АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкери, генерал Дэн Кейн Ирандын коргонуу өнөр жайынын талкаланышы боюнча кеңири маалымат берди. Бирок Кейн бул кыйроолор Хегсет айткандай "толугу менен" эмес экенин белгиледи.
"Бир тараптуу чабуул коюучу “Шахед” дрондорун чыгарган ар бир завод соккуга дуушар болду", — деп билдирди генерал. Бул жерде Ирандын кагылышуу учурунда бир нече жолу колдонгон, ошондой эле Украинада колдонуу үчүн Россияга берген дрондор тууралуу сөз болуп жатат.
Биргелешкен күч даяр
Кейн согуш учурунда АКШ күчтөрү 13 000ден ашык объектиге сокку урганын; Ирандын абадан коргонуу тутумунун 80 пайызы менен «450дөн ашык баллистикалык ракета сактоочу жай» жана «800 бир тараптуу чабуул коюучу учкучсуз аппараттарды сактоочу жай» жок кылынганын айтты.
Кейн убактылуу ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөнүнө карабастан, эгер ал ишке ашпай калса, АКШ армиясы даяр экенин кошумчалады.
«Ачык айталы, ок атышууну токтотуу — бул жөн гана тыныгуу. Эгер буйрук берилсе же зарылчылык жаралса, биргелешкен күчтөр даяр», — деди Кейн.
Хегсет: «Ирандын шарттарды аткаруусун камсыз кылуу үчүн биз көшөгө артында даяр турабыз», — деп эскертти. Ал ошондой эле: «Биз Ирандын бул келишимге баш ийүүсүнө жана акырында сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, макулдашууга келишине жетишебиз», — деп кошумчалады.
Пентагондун башчысы ошондой эле Вашингтондун өткөн жылы кол салууларда бутага алган байытылган уранды АКШнын "көзөмөлдөп жатканын" жана Тегеран баш тартпаса, чара көрөрүн билдирди.
«Биз аларда так эмне бар экенин билебиз, алар да муну билишет. Же аны бизге "Биз алардын так эмнеге ээ экенин билебиз, алар дагы муну билишет; же алар бизге беришет, же биз алабыз, басып алабыз, жок кылабыз," - деп АКШнын кошумча чабуулдары болушу мүмкүн экенин белгиледи.