Техастагы Валеро мунай иштетүүчү заводунда жарылуудан кийин өрт чыкты
АКШнын эң ири мунай иштетүүчү заводдорунун биринде жарылуу болуп, андан кийин чоң жалын жана түтүн пайда болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда,Техас штатынын Порт-Артур шаарындагы Валеро мунай иштетүүчү заводунда жарылуу болуп, артынан чоң өрт чыкты.
Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматтары иш алып жаткандыгына байланыштуу, Порт-Артурдун батыш тарабындагы тургундар үчүн коопсуз жайлардан чыкпоо (баш калкалоо) тартиби киргизилди.
Жарылуудан кийин асманга коюу кара түтүн жана жалын көтөрүлдү. Сүрөттөрдө окуя болгон жерде чоң өрт чыкканы көрүнүүдө.
Бул ишкана күнүнө 335 000 баррелден ашык мунай иштетүү мүмкүнчүлүгү менен Америка Кошмо Штаттарындагы эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири.
Учурда кырсык болгон жерде куткаруу топтору иш алып барууда. Акыркы маалыматтар боюнча, жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Жарылуунун келип чыгуу себептери азырынча белгисиз жана иликтөө иштери башталды.