ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны кеминде 65ке жетти
HRANAнын отчетуна ылайык, нааразычылык акцияларында кеминде 2311 адам камакка алынды жана миңдеген жаралууу бар.
Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны кеминде 65ке жетти
Тегеранда өкмөткө каршы башаламандык учурунда күйүп жаткан унаалардын арасына чогулган митингчилер. Социалдык тармактардагы видеодон алынган кадр, 2026-жылдын 9-январы. / Reuters

Ирандагы адам укуктары боюнча активисттердин маалымат агенттигинин (HRANA) билдирүүсүнө ылайык, Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны кеминде 65ке жетти.

АКШда жайгашкан уюмдун веб-сайтында жарыяланган отчетто нааразычылык акцияларынын 13 күндөн бери үзгүлтүксүз уланып жаткандыгы маалымдалды.

Нааразычылык акциялары 31 провинцияда, 180 шаарда жана 512 жерде өттү; натыйжада 50 нааразычылык акциясынын катышуучусу, 14 укук коргоо жана коопсуздук кызматкери жана бир жарандык өкмөт кызматкери каза болду.

Нааразычылык акцияларында ондогон киши жаракат алды жана 2311 киши камакка алынды.

Отчетто жаракаттар көбүнчө ок атуучу куралдардан жана желим октордон улам келип чыкканы белгиленди.

Жетекчилер каза болгондор же жаралангандар тууралуу кандайдыр бир билдирүү жасаган жок.

«Чоң кыйынчылыкта»

Иранда декабрь айынын аягынан бери нааразычылык акциялары блууда; мунун негизги себеби Иран риалынын наркынын кескин төмөндөшү жана экономикалык шарттардын начарлашы болду.

Наразычылык акциялары 28-декабрда Тегерандын Чоң базарынын жанында башталып, кийинчерээк бир нече шаарга жайылды.

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү нааразылык акциялары күчөп жаткан маалда Ирандын башы "чоң балээде" экенин айтты. Лидер АКШ окуяларды тыкыр көзөмөлдөп жатканын белгилеп, бийлик өкүлдөрүн өлүмгө дуушар кылуучу күч колдонбоого эскертти.

Ошол эле учурда Иран АКШ менен Израилди башаламандыктарды козутуу менен айыптады. Расмий өкүлдөр коопсуздук күчтөрү жана сот бийлиги "саботажчыларга эч кандай чыдамкайлык көрсөтпөй турганын" билдиришти.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды