Пакистан Ооганстандан террорчуларды ооздуктоону талап кылууда
Пакистандын коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф Ооганстандын кандайдыр бир кийлигишүүсү апта соңунда кол коюлган келишимди бузуу болуп эсептелерин билдирди.
Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими Ооганстандагы Талибан бийлигинин Пакистанга чабуул жасаган террорчуларды көзөмөлдөй алышына байланыштуу экенин Пакистандын коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф Reuters маалымат агенттигине билдирди. Бул келишимдин алсыздыгын баса белгилеп, эки тараптын мамилесиндеги чыңалууну көрсөттү.
Түштүк Азиядагы бул коңшу мамлекеттер дем алыш күндөрү Дохада ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшту. Бул келишим чек арадагы кагылышуулардан кийин түзүлдү, анда ондогон адамдар каза тапкан. Бул окуя 2021-жылы Кабулда Талибан бийликке келгенден берки эң оор кагылышуу болуп калды.
Пакистан менен Ооганстандын 2600 чакырымдык талаштуу чек арасында мурдагы союздаштардын жердеги согушу жана Пакистан аба соккулары башталган. Бул окуя Исламабаддын Кабулдан террорчуларды көзөмөлдөөнү талап кылуусунан улам чыккан. Пакистан алар Ооганстандагы баш калкалоочу жайлардан иш алып барып жатканын айткан.
Ооган кесиптеши молдо Мохаммад Якуб менен болгон сүйлөшүүлөрүнө токтолгон Асиф: "Ооганстан тараптан жасалган ар кандай чабуул бул келишимди бузуу болот. Баары ушул пунктка көз каранды",- деди.
Кол салуулар болбойт
Пакистан, Ооганстан, Түркия жана Катар кол койгон жазуу түрүндөгү келишимде эч кандай кол салуулар болбой турганы так белгиленгенин министр Исламабаддагы парламенттеги кеңсесинде берген маегинде айтты.
“Бизде ок атышууну токтотуу келишими бар, ал келишим бузулбаган шартта күчүндө калат”,-деп айтты ал.
Техрик-и-Талибан Пакистан (ТТП), бир нече террордук топтордун бирикмеси, Ооганстандан Пакистанга чабуул жасоо үчүн иш алып барып жатат жана бул Талибандын колдоосу менен ишке ашууда деп министр билдирди.
Кабул болсо террорчуларга баш калкалоочу жай берүүнү четке кагып, Пакистан армиясын Ооганстан тууралуу жалган маалымат таратып, анын туруктуулугуна жана эгемендүүлүгүнө шек келтирип жатат деп айыптады.
Исламабад бул айыптоолорду четке какты.
Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид жекшемби күнү Дохадагы сүйлөшүүлөрдө “Эки өлкө бири-бирине каршы душмандык аракеттерди жасабайт жана Пакистан өкмөтүнө каршы иш алып барган топторго колдоо көрсөтүлбөйт” деп чечилгенин айтты.
Ал эми X платформасындагы билдирүүсүндө, бул Талибандын Ооганстандын аймагы башка өлкөлөргө каршы колдонулбайт деген узактан берки позициясын чагылдырганын белгиледи.
Келишим тууралуу айтылган билдирүүлөр биргелешкен декларацияны түзбөй турганын да кошумчалады.
Кабул “жабык аймак” эмес
ТТП Пакистан мамлекетин кулатып, өз бийлигин орнотуу максатында көп жылдан бери согуш жүргүзүп келет. Акыркы айларда алар Пакистан армиясын бутага алган чабуулдарын күчөттү.
Пакистан коопсуздук кызматтарынын маалыматына ылайык, 9-октябрда ТТП лидери Нур Вали Мехсудду жок кылуу максатында Кабулга аба соккуларын жасаган, бирок ал кийин видеодо тирүү экенин көрсөткөн.
“Бизге чабуул жасалып жаткан. Биздин аймакка кол салынып жаткан. Ошондуктан биз да жооп кайтардык. Биз аларга тийиштүү жооп бердик,” - деди Асиф.
“Алар Кабулда. Алар бардык жерде. Алар кайда болбосун, биз аларга чабуул жасайбыз. Кабул жабык аймак эмес.”
Келишимди ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу үчүн кийинки сүйлөшүүлөр 25-октябрда Стамбулда өтөт деп Асиф билдирди.
Келишимге ортомчулук кылган Катардын Тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин, “Ок атышууну токтотуунун туруктуулугун камсыздоо жана анын ишке ашуусун ишенимдүү жана туруктуу түрдө текшерүү үчүн кийинки жолугушуулар өткөрүлөт” деп билдирди.
ТТПнын өсүшү
Пакистан Советтер Союзунун Ооганстанга басып кирүүсүндө алдыңкы катарда турган мамлекет болуп, төрт миллионго жакын ооган качкындарын кабыл алган жана антисоветтик согушкерлерге эл аралык жардам жеткирүүдө ортомчу болгон.
Дипломатиялык жактан алганда, Пакистан 1997-жылы Ооганстандагы Талибандын Ислам Эмиратын тааныган үч өлкөнүн (Сауд Арабиясы жана БАЭ менен бирге) бири болгон. Ал БУУнун санкцияларына карабастан, эл аралык каржылоону камсыздоо жана элчилик кызматтарын көрсөтүү үчүн аракет кылган.
Исламабад ошондой эле гуманитардык жардам, соода, чек араны башкаруу жана аймактык кызматташтык аркылуу Ооганстандын дүйнөлүк интеграциясын колдогон.
Бирок, Пакистандагы террордук топтор, айрыкча ТТП тарабынан жасалган зомбулуктар Ооганстандагы Талибан менен болгон мамилелерди олуттуу түрдө начарлатты. Талибан 2021-жылы АКШ баштаган күчтөрдүн чыгып кетүүсүнөн кийин Кабулда бийликке кайтып келген.
Пакистандын аскердик кызматкерлеринин маалыматына ылайык, быйыл ТТП тарабынан жасалган чабуулдардан 500дөн ашуун адам, анын ичинде 311ден ашуун аскер каза болгон.
Ооган Талибаны Пакистанды айыптоолорду четке кагууда. Акыркы билдирүүлөрүндө, Пакистандагы полициянын ок атууларын эскертип, Кабул Индия менен биргелешкен билдирүүсүндө талаштуу Кашмир аймагын Индиянын бир бөлүгү катары атаган. Бул Пакистанды ачууландырды.
Ооган Талибаны террордук топту колдоп жатканын четке кагууда.
ТТП 2007-жылы түзүлгөн бир нече террордук топтордун альянсы болуп, негизинен Пакистанды бутага алат.
2024-жылы БУУнун отчетуна ылайык, Ооганстанда 6000–6500 ТТП террорчусу бар экени жана алар НАТОдон калган куралдарды колдонуп жатканы айтылган.