ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Тамак - аштын ордуна ок: Газада жардам таратуу аянттарындагы кыргын күч алууда
Газадагы азык - түлүк таратуу борборлорунда дээрлик күн сайын палестиналыктардын өлтүрүлүшү, гуманитардык жардам мекемелери менен адам укуктары топторунда тынчсызданууну арттырып, айыптоолорго жол ачууда.
Тамак  - аштын ордуна ок: Газада жардам таратуу аянттарындагы кыргын күч алууда
/ Anadolu Agency
19 Июнь 2025

Күн сайын жүздөгөн үмүтсүз палестиналыктар Газа тилкесинде жардам жүктөрүн алып келген унаалардын айланасына чогулуп, үй-бүлөлөрү үчүн азык-түлүк алууга аракет кылышууда.

Бирок, тамак - аштын ордуна өлүмгө дуушар болушууда.

Шаршемби күнү Израиль танктары Газадагы жардам ташыган унаалардан азык  - түлүк алууга аракет кылган адамдарга ок атып кеминде  59 кишинин өлүмүнө себеп болду. Бул окуя тамак-аш таба албай кыйналган жарандарга каршы жасалган зордук-зомбулуктардын тарыхтагы эң кандуу окуялардын бири катары катталды.

Социалдык медиадагы видеолордо жолдо жаткан жансыз жана бөлүктөргө бөлүнгөн денелердин айрымдарынын ун каптарын кармап тургандыгын көрүүгө болот.

Үч жумадан бери уланып жаткан бул кол салууларда Газанын борбору менен түштүк аймактарында үч жардам таратуу борборуна Израилдин ок атуусунун натыйжасында  420дан ашуун палестиналык каза болду.

Көргөн күбөлөр Израилдин кургактык бөлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан ок атылгандыгын жана тамак  - аш күтүп жаткан адамдардын бомбалангандыгын айтышты.

Көптөгөн адамдар оор жаракат алышты, Газанын саламаттыкты сактоо системасы Израилдин кол салууларынан улам талкалангандыктан, медициналык жардам ала албай оор абалда, өлүм коркунучу алдында турушат.

Газа гуманитардык жардам фонду тарабынан жүргүзүлгөн талаш  - тартыштуу АКШ - Израиль жардам таратуу механизми Израилдин Газага гуманитардык жардамдардын киришине толугу менен тыюу салынгандан кийин болжол менен үч айдан кийин  27 -  майда биринчи жолу аракетке өттү.

Газа гуманитардык жардам фонду  GHF өзүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) эскерткендей, ачкачылык коркунучуна кабылган эки миллиондон ашуун адам жашаган Газадагы жарандык калкты тамак-аш менен камсыз кылууга багытталган гуманитардык жардам долбоору катары аныктады.

Американын куралдуу атайын коопсуздук компанияларына таянган фонд жардамдарды аймактагы негизги жардам берүүчү БУУдан көз карандысыз түрдө таратууда.

Сынчылар GHFнын Израилдин палестиналыктарды Газанын түштүгүндө барган сайын тар аймактарга сүрүү стратегиясын ишке ашырууга жардам берип жаткандыгын жакташууда.

Палестинага жардам көрсөтүү аракетинде БУУнун негизги ролун көптөн бери четке каккан Израиль бул альтернативалуу моделди Хамас тарабынан жардамдын башка нукка бурулушун алдын алуу үчүн зарыл болгон чара катары коргоп келет.

Euro-Med Human Rights Watch уюмунун отчетунда Израилдин Израил армиясы тарабынан түзүлгөн логистика жана курал-жарактар ​​менен колдоого алынган «Абу Шабаб бандасы» аттуу жергиликтүү куралдуу топту колдонгондугу билдирилди.

Бул топтун мүчөлөрү “Палестиналык Контр-Терроризм Кызматы” деген жазуусу бар формаларды кийип, элди көзөмөлдөп, жардамды талап-тоноо жана Израиль күчтөрүнүн буйругу менен жарандарга ок атууга жардам берип жатышат.

Бул топтун БУУнун жардам ташыган унааларын талап - тоногондугу жана ичиндегилерди Израилдин аскердик коргоосу астында саткандыгы билдирилди.

АКШнын жеке аскердик компаниясынын чет элдик жалданма аскерлери Газадагы түздөн -түз согуштук аракеттерге катышып, Израиль күчтөрү менен координацияда иш алып барышууда. Бул 1989-жылдагы БУУнун Жалданма Аскерлер Конвенциясын бузуу деген мааниге келет.

Бул аракеттер эл аралык мыйзамдарга ылайык, сотсуз өлтүрүүлөр, ачарчылыкты согуштук ыкма катары колдонуу жана согуш кылмыштары катары баа бериле алат.

Израилдин зомбулук үчүн тышкы булактарды колдонуусу аны мыйзамдуу жоопкерчиликтен бошотпойт; тескерисинче, баскынчы күч катары анын жоопкерчилигин ого бетер тереңдетет.

Ак үй май айынын аягында жетекчилер көптөгөн адамдын каза болгонун жана жараланганын айткан Газадагы гуманитардык жардам таратуу борборундагы жарандык жоготууларга байланыштуу отчеттордун иликтенип жатканын билдирди.

GHF убактылуу аткаруучу директору Джон Акри билдирүүсүндө: "Биз жергиликтүү топтун мүчөлөрүнө жана ыктыярчыларына болгон өлүм жана себепсиз кол салуу тууралуу дагы көп маалымат чогултуп жатабыз",- деди.

Катчы Каролин Ливитт журналисттерге берген маалыматында : «Администрация бул маалыматтар жөнүндө кабардар жана азыр алардын чын-төгүнүн иликтеп жатабыз. Өкүнүчтүүсү, кээ бир медиа уюмдарынан айырмаланып, биз Хамастын сөздөрүн толугу менен туура деп кабыл албайбыз. Алар сүйлөгөндө биз аны текшерүүнү туура көрдүк”,- деди.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду