Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжинде Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен жолугушту
Бул жолугушуу Бээжиндин ушул аптада Жакынкы Чыгыштагы согуштан экономикалык жактан жабыркаган бир нече өлкөнүн лидерлеринин кабыл алгандан кийин өткөрүлдү.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.
Лавров эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана Жакынкы Чыгыш менен Украинадагы согуштарды талкуулоо үчүн Кытайга эки күндүк сапар менен барды.
Бээжин бул аптада Иранга каршы жүргүзүлгөн согуштан экономикалык жактан жабыркаган бир нече өлкөнүн лидерлерин кабыл алды. Алардын арасында Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Вьетнамдын лидери То Лам бар.
Мамлекеттик CCTV телеканалынын маалыматына караганда, Лавров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууларда Орусия менен Кытайды "ооздуктоо" аракеттерин сындагандан бир күн өткөндөн кийин Бээжиндеги Элдик жыйындар залында Си Цзиньпин менен жолугушту.
Орусиянын мамлекеттик РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Лавров кыязы АКШ жана анын союздаштары жөнүндө айтып жатып: "Алар Кытай Эл Республикасын жана Орусия Федерациясын курчоого багытталган чакан масштабдуу, блоктук структураларды түзүү менен (регионалдык кызматташтыкты) жок кылууга аракет кылып жатышат", - деди.