Президент Эрдоган: Мунай үчүн болгон күрөш келечекте суу үчүн болот

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өндүрүштүн жана энергетиканын негизги элементи болгон суу эң стратегиялык жана баалуу ресурс болууну улантарын айтты.

By
Президент бул күрөштүн белгилери аймактагы куралдуу жаңжалдарда буга чейин эле байкалып турганын айтты. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өткөн кылымдагы мунай жана көмүртек отундары үчүн болгон күрөш алдыдагы мезгилде суу ресурстары үчүн болоорун айтты.

Мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын (DSI) жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышкан Эрдоган бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө; климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, калктын санынын өсүшү, ашыкча урбанизация жана индустриалдаштыруу сыяктуу факторлордон келип чыккан көйгөйлөр суу ресурстарына болгон басымды күчөтүп жатканын баса белгиледи.

Президент дүйнө жүзү боюнча 2,2 миллиард адамдын таза ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгү жок экенин, ал эми «Дүйнөлүк суу ресурстарын өнүктүрүү отчетуна» ылайык, 2050-жылга чейин болжол менен алты миллиард адамдын таза сууга жете албай турганын эскертти.

Президент: "Күч атаандаштыгы бардык тармактарда күчөгөн кылымдын эң стратегиялык жана эң баалуу ресурсу – бул өндүрүштүн жана энергиянын негизги элементи болгон суу", - деп Түркиянын айланасында болуп жаткан кагылышууларга каралганда мунун белгилерин азыртадан эле көрө алганын айтты.

Эрдоган дүйнөлүк суу ресурстарынын 2,5 пайызы гана тузсуз суу экенин жана дүйнө калкынын саны 1960-жылдагы үч миллиарддан бүгүнкү күндө сегиз миллиарддан ашканын, бирок буга карабастан жаан-чачындын көлөмү өзгөрбөгөнүн баса белгиледи.

«Таза суу ресурстарына болгон муктаждык өсүп жаткан учурда, тез керектөө жана булгануунун кесепетинен колдонууга жарамдуу суу ресурстары, тилекке каршы, тездик менен азайып баратат», — деди Эрдоган.