ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Польша Москвадагы кол салууда коопсуздук күчтөрүнүн тиешеси бар деген Россиянын дооматын четке какты
Варшава Польшанын коопсуздук кызматтарынын орус генералына кол салуу аракетине катыштыгы бар деген айыптоолорду Россиянын ички коомчулугуна багытталган дезинформация катары мүнөздөдү.
Польша Москвадагы кол салууда коопсуздук күчтөрүнүн тиешеси бар деген Россиянын дооматын четке какты
Архивдик сүрөт: Орус генерал-лейтенанты Владимир Алексеев белгисиз жерде сүйлөп жатат. / Reuters

Польша Россиянын Польша коопсуздук блүктөрүнүн Москвада жогорку мартабалуу орус аскердик чалгындоо кызматкерине карата кол салуу аракетинде болду деген дооматын четке какты.

Жергиликтүү басылмалардагы маалыматтарга ылайык, Польшанын Аскердик чалгындоо бөлүмүнүн башчысы генерал-майор Ярослав Строжик шейшемби күнү билдирүү жасап, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) айткандарын ички коомчулукка багытталган "адаттагы дезинформация" деп мүнөздөдү.

Орус жетекчилер Россиянын аскердик чалгындоо уюму ГРУнун башчысынын орун басары генерал-майор Владимир Алексеевдин 6 - февралда Москвада бир нече жолу ок жеп, ооруканага жаткырылганын жана кол салуучунун окуя болгон жрден качканын билдирди.

Жетекчилер кийинчерээк Украинада туулган, 66 жаштагы орус жараны Любомир Корбанын Дубайдан Россияга жөнөтүлгөнүн, Алексеевди жарадар кылуу менен айыпталганын билдирди.

ФСБ кол салууну Украинанын чалгындоо кызматы пландаштырганын жана Польшанын чалгындоо кызматынын шектүүнү жалдоого катышканын билдирди. Ал эми Россиянын маалымат каражаттары Польшанын түштүгүндөгү Катовице шаарында жашаган Польшанын жараны Корбанын уулу атасын Польшанын чалгындоо кызматынын координациясы менен жумушка алууга жардам бергенин билдирди.

Польшанын басма сөз агенттигине (PAP) маалымат берген генерал Строжик Польшанын Россия жана Беларустагы кол салуу же диверсиялык аракеттерге катыштыгы бар деген дооматтарды четке какты. Строжик бул айыптоолор Россия менен Беларустун НАТО жана батыш өлкөлөрүнүн туруктуу кысымы астында экени тууралуу пропаганданы колдоо максатында ортого салынганын айтты.

Строжик бул дооматтардын Польшанын Коргоо министрлигинде көптөн бери иштеп келген орус тыңчысынын Варшавада камакка алынышы менен жарым-жартылай байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок бул билдирүүлөрдүн негизги максаты — орус жана беларус элдерин адаштыруу экенин кошумчалады. Ошондой эле Строжик бул дооматтардын чоң эл аралык медиа каражаттары аркылуу жайылышын «тынчсыздандыруучу» деп мүнөздөдү.

Ярослав Строжик Польшанын чалгындоо бөлүмдөрү мыйзам чегинде жана өлкөнүн премьер-министри менен президенти баш болгон жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлердин саясий көзөмөлү астында иштеп жатканын баса белгиледи.

Иликте
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди