HÜRJET келишими Түркиянын коргонуу экспортунда тарыхый жетишкендик болду
Узак мөөнөттүү окутуу жана колдоо программасынын алкагында Испанияга отуз HÜRJET учагы тапшырылат.
Түркиянын биринчи жергиликтүү өндүрүшүндөгү реактивдүү машыгуу жана жеңил чабуулчу учагы HÜRJET Испанияга 2,6 миллиард евролук экспорттук келишимдин алкагында сатылды, бул өлкөнүн коргонуу өнөр жайы үчүн тарыхый бурулуш жери болду.
Испаниянын аскердик-аба жана космостук күчтөрү «Интеграцияланган өнүккөн учуу машыгуу системасы» программасынын алкагында учкучтарды даярдоо муктаждыктарын камсыздоо үчүн HÜRJET учагын тандады.
Бул боюнча Түркиянын авиация жана космос өнөр жайы (TUSAŞ), Airbus компаниясы жана Испаниянын Коргоо министрлигинин ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлду.
HÜRJET учактары TUSAŞ заводдорунда чыгарылат. 2028-жылдын акыркы чейрегинде тапышыруулар башталып, 2036-жылга чейин уланатылары күтүлүүдө.
Президенттин коргонуу өнөр жайынын башчысы Халук Гөргүн бул келишим экспорттук маанилүү ийгилик экенин билдирди.
Гөргүн: «30 бирдиктен турган экспорттук пакет менен HÜRJET Испаниянын аба жана космос күчтөрү тарабынан расмий түрдө тандалып алынды, бул түрк коргонуу өнөр жайы үчүн тарыхый экспорттук ийгилигин белгилейт», - деп келишимди Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы ишенимдүү, артыкчылыктуу жана алдыңкы экспорттоочу катары позициясынын конкреттүү далили катары сыпаттады.