ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен: "(Армения үчүн) Европа Биримдигинин колдоо пакетин даярдап жатабыз. Бул пакет 50 миллион евродон ашык шашылыш каржылык жардамды камтыйт."
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Брюсселдеги маалымат жыйынында.

Европа Биримдиги Россиянын Арменияга карата киргизген акыркы соода чектөөлөрүнөн кийин Арменияга 50 миллион евродон ашык шашылыш каржылык колдоо көрсөтөөрүн жарыялады. Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Фон дер Ляйен Россиянын Арменияга багытталган акыркы чектөөлөрүн талкуулашкандарын билдирип: "Бул жөн гана экономикалык кысымдан башка эч нерсе эмес жана кабыл алынгыс нерсе. Москва Армениянын продукцияларына карата экспорттук чектөөлөрдү кеңейтүү менен экономикалык карым - катнаштарды саясий кысым куралы катары колдонуп жатат",- деди.

Фон дер Ляйен Европа Биримдигинин Армения менен тилектештигин баса белгилеп, "Биз Европа Биримдигинин колдоо пакетин даярдап жатабыз. Бул пакетке 50 миллион евродон ашык шашылыш каржылык жардам кирет. Дагы көп жардамдар болот",- деди.

Айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларына, айрыкча армян продукцияларына байланыштуу сооданы жеңилдетүүчү чаралардын да көрүлөрүн билдирген фон дер Ляйен, Россиянын чектөөлөрүнөн жабыркаган тармактарга да практикалык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Түркия менен соода жолдорунун кайра ачылышына басым жасалууда

Фон дер Ляйен: "Жакында Түркия менен соода жолдорунун, Грузия менен Түркия аркылуу өтүүчү темир жол байланышынын кайра ачылышы мыкты кадам болот", - деп билдирди.

Аймактык байланыштар кайра ачылганда инфраструктураны жана чек ара пункттарын колдоого даяр экенин билдирген фон дер Лейен: "Ушул багыттардын баарында натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу үчүн биргелешкен Европа Биримдиги - Армения жумушчу тобун түзүү боюнча макулдаштык. Бул жумушчу топ бардык бул демилгелердин жана келечектеги башка чаралардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт", - деди.

Иликте
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты