САЯСАТ
2 мүнөт окуу
ХАМАС: Израиль агрессияны басаңдатканын айтканына карабай Газада 70 палестиналыкты өлтүрдү
Хамас араб жана ислам өлкөлөрүнөн палестиналыктарды коргоону, жардам көрсөтүүнү жана согушту токтотуу үчүн кысымды күчөтүүнү талап кылды.
ХАМАС: Израиль агрессияны басаңдатканын айтканына карабай Газада 70 палестиналыкты өлтүрдү
Газа медиа кеңсесинин билдирүүсүндө, Израиль армиясынын 93 жолу абадан кол салуусунан Газа шаанда 70 кишинин каза болгондугу белгиленди. / AA

Израиль Газа тилкесинде абадан жүргүзгөн соккуларынын натыйжасында дагы 70 палестиналыкты, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүрдү. Бул тууралуу ХАМАС уюму билдирип, Израиль карапайым калкка каршы агрессиясын азайтууда деген дооматтарды четке какты.

“Бул кан төгүүчү эскалация согуш кылмышкери Нетаньяхунун өкмөтүнүн карапайым калкка каршы аскердик операцияларды азайтуу боюнча айткан жалган сөздөрүн ашкерелейт”, – деп ХАМАС ишемби күнү тараткан билдирүүсүндө белгиледи.

Уюм эл аралык коомчулукту, араб жана ислам өлкөлөрүн палестиналыктарды коргоо, жардам көрсөтүү жана Газа тилкесиндеги эки жылдык “жок кылуу согушун” жана ачарчылыкты токтотуу үчүн басымды күчөтүү боюнча мыйзамдуу жана гуманитардык жоопкерчиликтерин аткарууга чакырды.

Газанын Медиа кеңсесинин билдирүүсүнө ылайык, Израилдин армиясы 93 абадан сокку уруп, анын натыйжасында 70 адам, анын ичинде 47 киши Газа шаарында каза болгон.

Бул окуя АКШ президенти Дональд Трамптын жума күнү Израилди “Газаны бомбалоону токтотууга” чакырганынан кийин болду. ХАМАС анын ок атышууну токтотуу сунушунун алкагында израилдик туткундарды бошотууга даяр экенин билдирген. Трамп бул кыймылга “туруктуу тынчтыкка” даяр деп ишенерин айткан.

Египет ишемби күнү Израиль жана ХАМАС делегацияларын дүйшөмбү күнү туткундарды алмашуу боюнча Трамптын Газа согушун токтотуу планынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн кабыл ала турганын жарыялады.

Трамп 29-сентябрда 20 пункттан турган планын жарыялап, анда Израилдин макулдугунан кийин 72 сааттын ичинде израилдик туткундарды бошотуу, ок атышууну токтотуу жана ХАМАСты куралсыздандыруу каралган.

Израилдин геноциди

Тель-Авивдин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде 48 израилдик туткун бар, алардын 20сы тирүү деп эсептелет.

Ошол эле учурда Израиль 11100гө жакын палестиналык туткундарды кармап турат. Алардын көбү кыйноо, ачарчылык жана медициналык кароосуздукка дуушар болууда, деп палестиналык жана израилдик адам укугун коргоо уюмдары билдиришет.

Израиль Газа тилкесинде 67000ден ашуун палестиналыкты, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүрдү.

Ал бул аймактын көпчүлүк бөлүгүн талкалап, калктын дээрлик бардыгын жер которууга аргасыз кылды.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди