ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль медиасы Израиль Иранды бомбалап жатканда АКШнын да кагылышууга киришин күтүп жатат
Жергиликтүү медианын билдиргенине караганда израилдик жетекчи кол салуулардын Ирандын Фордо өзөктүк объектисин жок кыла албай тургандыгын айтып, Канал 13 Трамптын өзгөрүшү АКШнын согушка кирүү белгиси болушу мүмкүн экендигин белгиледи.
Израиль медиасы Израиль Иранды бомбалап жатканда АКШнын да кагылышууга киришин күтүп жатат
/ Reuters

Израилдин Иранга карата уланып жаткан кол салууларына АКШнын кошулушун күтүп жатканы Израиль медиасы тарабынан билдирилди.

Тель Авивдеги баа берүүгө караганда АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранга карата кол салууларда Америка күчтөрүнүн орун алышына уруксат беришинин күтүлүп жаткандыгын белгилеген жогорку мартабалуу Израилдик жетекчи бул маалыматты Израилдин коомдук телеканалы KANга билдирди.

Жетекчи:"Трамп четте турган адам катары эмес, бул процесстин бир бөлүгү катары эсте калууну каалайт”,- деди.

“АКШ болбостон Фордоу өзөктүк объектисине чектелген гана зыян келтире алабыз”,- деп кошумчалады.

Израилдин Канал 13 телекөрсөтүүсү Трамптын позициясындагы өзгөрүүлөр анын бул кампанияга кошулуу ниетин билдириши мүмкүн экендигин белгиледи.

Ошондой эле, Израилдин Ирандын мыкты коргоого алынган Фордоу өзөктүк объектине ыктымалдуу кол салууга даярданып жатканын кабарлады.

Бул объект Израиль армиясынын буталар тизмесинде жана Израиль кол салуулардын качан жасаларына өзү чечим чыгарарын белгиледи.

Бирок жетекчилер АКШ катышпаса, чабуулдун сапаты төмөн болорун да моюнга алышты.

Нетаньяхунун АКШнын ролун талап кылуусу

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац шейшемби күнү коопсуздук боюнча баа берүү учурунда бул маселеге токтолду жана бир тараптан премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен стратегиялык иштер боюнча министри Рон Дермердин бир тараптан Трамп болгон түз байланыштын уланып жатканын белгиледи.

Израилдин Israel Hayom гезити АКШнын бул кагылышууга катышуусунун маанисин баса белгилеп: “Израиль Ирандын көпчүлүк ядролук объекттерин бутага алды бирок эң маанилүүсү – Фордоу, ал тоонун ичинде 295 фут тереңдикте жайгашкан,”,- деп жазды.

Гезит кошумчалагандай, мындай терең жайгашкан объекттерди жок кылууга жөндөмдүү B-2 бомбалоочу учагы АКШда гана бар.

B-2 – бул узак аралыкка учуучу, көп максаттуу бомбалоочу учак болуп, кадимки жана өзөктүк куралдарды алып жүрүүгө жөндөмдүү.

Ошол эле учурда, Нетаньяху: “Азыркы учурда кездеше турган коркунуч Иран. Же алар же биз”,- деди.

“Ушул кезге чейин көрбөгөн бир Жакынкы Чыгыш, жаңы бир чындыкты көрөбүз”,- деп кошумчалады.

Аймактагы чыңалуу жума күндөн бери күчөп, Израиль Ирандагы бир нече объекттерге, анын ичинде жарандык, аскердик жана өзөктүк объекттерди бутага алган координацияланган аба чабуулдарын баштагандан бери күч алды. Бул чабуулдарга жооп катары Тегеран да чабуулдарын баштады.

Ирандын маалыматы боюнча, Израилдин чабуулдарынан кеминде 224 адам каза болуп, 1400дөн ашуун адам жаракат алды.

Израилдик жетекчилер болсо Ирандын ракета чабуулдарынан бери кеминде 24 адамдын каза болгонун, жүздөгөн адамдын жаракат алганын билдиришти.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту