ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ, Түркия, Пакистан, араб өлкөлөрү Газа резолюциясынын "тез арада кабыл алынышын" талап кылды
Катар, Египет, БАЭ, Сауд Арабиясы, Индонезия жана Иордания Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралып жаткан жана келечектеги Палестина мамлекети жөнүндө сөз кылган резолюцияга "жалпы колдоо көрсөтүшөрүн" билдиришти.
АКШ, Түркия, Пакистан, араб өлкөлөрү  Газа резолюциясынын "тез арада кабыл алынышын" талап кылды
АКШ резолюциясына Трамптын Газа боюнча 20 пункттан турган тынчтык планы тиркелген, эгер кабыл алынса, ал иш жүзүндө эл аралык мыйзамга айланат. [Архив] / AP
15 Ноябрь 2025

АКШ менен Түркия, Египет жана Сауд Арабия да араларында болгон көпчүлүгү мусулман жана араб өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешине Дональд Трамп Газа үчүн сунуш кылган тынчтык планын бекиткен АКШ долбооруна эртерээк добуш берип кабыл алууга чакырды.

"Америка Кошмо Штаттары, Катар, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия Королдугу, Индонезия, Пакистан, Иордания жана Түркия болуп, учурда Коопсуздук Кеңешинде каралып жаткан резолюцияга биргелешкен колдоо көрсөтөөрүбүздү билдиребиз", - деп айтылган биргелешкен билдирүүдө, долбоорду "тез арада кабыл алуу" керектиги баса белгиленди.

Өткөн аптада АКШ 15 мүчөдөн турган Коопсуздук Кеңешинде Трамптын планын колдогон текст боюнча расмий түрдө сүйлөшүүлөрдү баштады, анда Израилдин Газадагы эки жылдык геноцидинен кийин ок атышууну токтотууну улантуу каралган.

"Бул демилгенин чын ыкластуу аракет экенин баса белгилейбиз. План израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда гана эмес, бүткүл аймак үчүн тынчтыкка жана туруктуулукка алып баруучу ишке ашырууга мүмкүн болгон жолду сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

AFP бейшемби күнү көргөн долбоордо, Газа үчүн 2027-жылдын аягына чейин иштей турган убактылуу башкаруу органы болгон "Тынчтык Кеңешинин түзүлүшү" ыраазычылык менен кабыл алнууда.

Долбоор өзгөчө чек ара аймактарынын коопсуздугун түзүү жана Газанын куралсыздандырылышына жардам берүү үчүн Израиль, Египет жана жаңы машыктырыла турган Палестина полициясы менен бирдикте иштей турган “убактылуу Эл аралык турукташтыруу күчүн” түзүүгө уруксат берет.

Мурунку долбоорлордон айырмаланып, акыркы текстте келечекте Палестина мамлекетинин түзүлүшү да мүмкүн экендиги айтылат.

Россиянын версиясы

Жума күнкү биргелешкен билдирүү, Россиянын Кеңештин мүчөлөрүнө өзүнүн альтернативдүү чечим долбоорун жөнөткөндөн кийин келди. AFP көргөн текстке ылайык, Россиянын долбоору тынчтык кеңешин түзүүгө же Газага дароо эл аралык күчтөрдү жөнөтүүгө уруксат бербейт.

Россиянын версиясы "ок атышууну токтотууга алып келген демилгени" кубаттайт, бирок Трамптын атын атабайт.

Долбоор БУУнун башкы катчысынан тынчтык планын ишке ашыруунун жолдорун аныктоону жана геноцидден жабыркаган Газага эл аралык турукташтыруучу күчтөрдү жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караган отчетту кечиктирбестен тапшырууну талап кылат.

Америка Кошмо Штаттары ок атышууну токтотууну "морт" деп мүнөздөп, бейшемби күнү өз долбоору кабыл алынбашы жарата турган кесепеттерге көңүл бурду.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирүүсүндө: "Бул чечим боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда келишпестиктерди жаратуу аракети Газадагы палестиналыктар үчүн олуттуу, конкреттүү жана толугу менен алдын алууга мүмкүн болгон кесепеттерге алып келет", - деди.

Иликте
Эрдоган Түркияны диний эркиндиктин үлгүсү катары мисал келтирип, исламофобияга каршы эскертти
БУУ Газадагы жардам көрсөтүү иштерине күйүүчү майдын жетишсиздиги коркунуч туудуруп жатканын айтты
Австралия Ирандын аялдардан курулган футбол командасынын дагы эки оюнчусуна башпаанек берди
Эрдоган: Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Ирандагы согуштан улам үзгүлтүккө учурабашы керек
Сеул-Вашингтон аскердик машыгуулары уланып жатканда, Түндүк Корея экинчи канаттуу ракетасын сынады
Аббас Аракчи АКШнын пландаштырылган кол салуу боюнча дооматын «толугу менен жалган" деп четке какты
Ирандын аялдар футбол командасынын оюнчусу Австралиядан саясий башпаанек өтүнүчүнөн баш тартты
Орусия Ирандын Исфахан шаарындагы Орусиянын консулдугу бомбалоодон зыян тартканын билдирди
Швейцариянын батышында автобус өрттөнүп, алты адам каза болду
Трамптын  бири -  бири менен дал келбеген билдирүүлөрү согуштун белгисиздигин күчөттү
Тышкы иштер министри Фидан Иранга: "Түркиянын аба мейкиндигин бузуу кабыл алынгыс"
Аймактык чыңалуулар күчөп турганда Азербайжан Иранга гуманитардык жардам жөнөтүүдө
Түркия өз аба мейкиндигин коргоо үчүн Patriot системасын даярдап жатат
Трамп администрациясы Ирандын уран запастарын басып алуу үчүн кургактыктан операция башташы мүмкүн
Трамп Ирандын Можтаба Хаменеини шайлашын "чоң ката" деп сыпаттады