Трамп АСЕАН саммитинде Таиланд-Камбоджа тынчтык келишимине кол коюу аземине катышат
АКШ президенти Таиланд-Камбоджа тынчтык келишимине кол коюлушу үчүн Куала-Лумпурда Түштүк-Чыгыш Азиянын лидерлери менен жолугушат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин саммитинде Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы тынчтык келишиминин салтанаттуу кол коюу аземине катышат. Бул тууралуу шейшемби күнү саммитти өткөрүп жаткан Малайзиянын тышкы иштер министри билдирди.
Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы чыңалуу июль айында акыркы ондогон жылдардагы эң кандуу аскердик кагылышууларга айланып, 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды жана 300000дей адамды үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылды.
Эки тарап беш күндүк согуштан кийин Трамптын да ортомчулугунда ок атышууну токтотуу келишимине жетишти. Бирок ошондон бери тараптар келишимди бузуу темасында бири-бирин айыптап келишүүдө.
“Трамп Таиланд-Камбоджа тынчтык келишимине күбө болууну чыдамсыздык менен күтүп жатат”, – деп билдирди Малайзиянын тышкы иштер министри Мохамад Хасан Куала-Лумпурдагы маалымат жыйынында.
Мохамаддын айтымында, АКШнын лидери 26-октябрда Малайзияга барып, 26–28-октябрда Куала-Лумпурда өтө турган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммитине катышат.
Малайзия жана АКШнын Таиланд менен Камбоджанын ортосунда “кеңири ок атышууну токтотуу келишимин” камсыздоо үчүн ортомчу болорун, бул келишим эки тараптын чек араларынан мина тазалоону жана аскердик техникаларын чыгарып кетүүнү талап кыларын айтты.
Мохамад: "Биз эки тарап тең бул шарттарды аткара алат деп үмүттөнөбүз жана АСЕАН саммити учурунда декларацияга кол коюлушу мүмкүн. Муну Куала-Лумпур декларациясы же Куала-Лумпур келишими деп атасак болот. Бул эки коңшу өлкөнүн тынчтыкка келишин жана ок атышпоонун ишке ашырылышын камсыз кылууну каалайбыз" деди.
Таиланд өкмөтүнүн басма сөз катчысы Сирипонг Ангкасакулкиат журналисттерге Бангкок АКШнын бул маселеге артыкчылык берип жатканын түшүнгөнүн айтып “Бирок АКШнын сунушун кабыл алуудан мурда Камбоджа биздин төрт шартты аткарышы керек”, – деди.
Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул бейшемби күнү Трамптан кат алганын, анда АКШнын лидери эки коңшу мамлекеттин чыңалууну чечүүсүн каалап жатканын билдиргенин айтты.
Анутин ошондой эле Камбоджа чек ара аймактарынан оор куралдарын чыгарып, миналарды тазалап, интернет алдамчыларын жазалап, Таиланд өзүнө таандык деп эсептеген чек ара аймактарынан өз жарандарын көчүрүп кетсе, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
Камбоджа болсо талаштуу чек ара айылдарында анын жарандары ондогон жылдардан бери жашап келе жатканын айтты.
Бул билдирүү Таиланддын премьер-министринин, эки мамлекеттин чек ара талашын чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдө Нобель Тынчтык сыйлыгын алууга умтулган Трамптын ролуна байланыштуу маегинен кийин айтылды.
Камбоджанын премьер-министри Хун Манет Трампты аскердик кагылыштарды токтоткон "инновациялык дипломатиясы" үчүн Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөткөнүн билдирди.