ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан кеминде 12 киши набыт болду
Бейшемби күнү таңга маал Орусия Киевдеги турак жайларга ракета жана учкучсуз аппараттар ​​менен чабуул жасап, беш кабаттуу имарат урап калды жана бир соода борбору зыян тартты.
Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан кеминде 12 киши набыт болду
2025-жылдын 28-августунда, бейшемби күнү Киевдеги орус соккусунан талкаланган турак үйдүн өртүн өчүрүп жаткан куткаруучу. / AP

Орусиянын ракета жана учкучсуз аппараттары ​​Украинанын борбору Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдү аткылашты. Кол салууда кеминде 12 киши каза болуп, 48 киши жаракат алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский кол салууну “Тынчтык сүйлөшүүлөрүн ачыктан-ачык сыйлабастык” деп сыпаттады.

Киев шаарынын аскердик администрациясы (KMVA) каза болгондордун жана жаракат алгандардын санын ырастады. KMVA башчысы Тимур Ткаченко каза болгондордун саны 12ге жеткенин, алардын арасында 2, 14 жана 17 жаштагы үч бала бар экенин билдирди. "Душмандын чабуулунун натыйжасында каза болгондордун саны 12ге жетти. Тилекке каршы алардын арасында үч бала бар", - деп жазды Ткаченко Telegram аркылуу.

Киев шаарынын прокуратурасы эртең менен болгон чабуулдун кесепеттери борбордун сегиз районунда катталганын билдирди. Бул райондорго Дарницкий, Днепровский, Соломянский, Шевченковский, Холосивский, Оболонский, Святошинский жана Деснянский кирет.

Дарницкий районунда беш кабаттуу турак жайдын бир бөлүгү урап, урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу иштери уланууда. Жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери талкаланып, унаалар жана жеке үйлөр зыянга учурады.

Зеленский социалдык тармактарда: "Орусия сүйлөшүү үстөлүн эмес, баллистикалык ракеталарды тандап жатат. Ал согушту токтоткондон көрө, өлтүрүүнү улантууну артык көрөт. Бул Орусиянын дагы деле кесепеттерден коркпой турганын билдирет", - деп жазды.

Зеленский Украинанын өнөктөштөрүнөн катуу жооп кайтарууну талап кылып, жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды. Ал ошондой эле Орусиянын өнөктөшү Кытайды жана Евробиримдикке мүчө Венгрияны Москвага каршы катаал позицияны карманууга үндөдү.

Иликте
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"