ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
"CICA мүчөсү Палестинанын укуктарын колдоо жана уланып жаткан зулумдукка, одоно мыйзам бузууларга каршы туруу боюнча чечкиндүү позицияны карманышыбыз керек».
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 7-саммити Бакуда уланууда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «CICA мүчөсү Палестинанын укуктарын колдоо жана уланып жаткан зулумдукка жана оор укук бузууларга каршы туруу боюнча туруктуу позицияны көрсөтүшүбүз керек. Туруктуу чечүүчү жол 1967-жылкы чектерге негизделген, борбору Чыгыш Кудс болгон өз алдынча жана эгемендүү Палестина мамлекетин түзүүнү талап кылат»,- деди.

Хакaн Фидан, Азияда кызматташтык жана ишенимди бекемдөө чаралары боюнча кеңешменинин (CICA) Баку шаарында өткөн 7-саммитинде, президент Режеп Таййип Эрдогандын атынан сөз сүйлөдү.

Азиянын өсүп-өнүгүшү менен катар тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн күчтүү CICAнын зарылдыгын баса белгилеген Фидан: «Түркия катары биз CICAны Азиядагы эң кеңири камтуучу коопсуздук форуму катары бекемдөөгө чечкиндүүбүз. Бул үчүн транспорттук байланыштарды кеңейтип, энергетикалык коридорлорду диверсификациялоо жана өз ара байланышты өнүктүрүү аркылуу экономикалык коопсуздукту чыңдашыбыз керек», — деди.

Дүйнөдөгү кризистердин күчөшү эл аралык платформаларда белгисиздиктин күчөшүнө алып келип жатканын эскерткен Фидан жалпы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү табуу мурдагыдан да актуалдуу экенин айтты.

Палестина маселеси

Хакан Фидан тынчтыкка жана өз ара ишенимге болгон милдеттенме кеңешменин ар бир мүчөсүнө тиешелүү болушу керектигин баса белгиледи.

«Израиль CICAнын мүчөсү болгонуна карабастан, Палестина элинин негизги укуктарын системалуу түрдө бузуп, эзүү саясатын жүргүзүп жатканда, биз бул милдеттенмени сактай албайбыз», — деди Фидан.

«Палестинанын укуктарын колдоодо жана уланып жаткан зулумдукка, одоно укук бузууларга каршы турууда чечкиндүү позицияны көрсөтүшүбүз керек. Узак мөөнөттүү чечим 1967-жылдагы чек аралардын негизинде, борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетин түзүүнү талап кылат», — деп белгиледи.

Иликте
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү