ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Венгрия Европа Биримдигине карабастан орус мунайынан баш тартпай жатат
Венгрия Европа Биримдигине жана АКШга каршы чыгып, экономиканын Россиянын куурларысыз жашай албай турганын айтууда.
Венгрия Европа Биримдигине карабастан орус мунайынан баш тартпай жатат
Венгрия "Дружба" кууру аркылуу мунай жеткирүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашын кайра-кайра көрүп жатат, акыркы күндөрдө бул үчүнчү үзгүлтүк. [Файлдык сүрөт]
4 Октябрь 2025

Европа Биримдиги Россиянын энергетикасына болгон көз карандылыкты толугу менен токтотууга аракет кылып жатканда, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы НАТО мүчөлөрүн Россиянын мунайынан баш тартууга үндөп жатат. Бирок Венгрия бул багытта өз позициясын бекем кармап келет.

Премьер-министр Виктор Орбан көптөн бери Россиянын энергетикалык импорту өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү экенин жана башка жактан алынган күйүүчү майга өтүү капыстан экономикалык кыйроого алып келерин жактоодо.

Европа Биримдигинин лидерлеринин арасында Кремль менен эң жакшы достук мамиледе болгон Орбан Россиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага кол салуусунан кийин Москвага каршы санкция салуу аракеттерине катуу каршылык көрсөттү жана Россиянын согушту каржылоо үчүн колдонгон энергетикалык кирешелерин бутага алган демилгелерин кескин сынга алды.

Европанын калган өлкөлөрү акырындап орус энергетикасынан баш тартып, Венгрия орус импортун улантты, ал түгүл көбөйтүп жана ылайыктуу альтернатива жок экенин айтууда.

Бирок айрым энергетикалык эксперттер жана Орбандын орус энергетикасына болгон көз карандылыгын президент Владимир Путинге жакындыгынын белгиси катары көргөн чөйрөлөр - венгер лидердин позициясынын газ куурларынан башка саясат менен байланыштуу экендигин айтышууда.

Орбан эскертти : Экономика начарлайт

Венгриянын лидерлери Борбордук Европанын чок ортосундагы географиялык абалынын өлкөнү Венгрия советтик бийликтин астында турган кезде курулган түтүктөр менен ташылган орус күйүүчү майларга көз каранды кылганын жакташууда.

Жетекчилердин айтымында, Венгрияга мунай менен газды алып келүү үчүн альтернативалык булактар ​​жана инфраструктура жок, өлкөнүн экономикасы Россиянын жеткирүүсүнө көз каранды.

Орбан сентябрь айында мамлекеттик радиого берген маегинде: "Эгер Венгрия орус мунай жана газынан ажыратылса, дароо, бир мүнөттүн ичинде Венгриянын экономикалык көрсөткүчтөрү 4 пайызга төмөндөйт",- деди.

Бирок химия инженери жана энергетика тармагынын аналитиги Ласло Миклош The Associated Press агенттигине берген маегинде, Орбан өкмөтүнүн альтернативдүү отун булактарын издөөгө болгон каалоосуздугунун "эч кандай логикалык түшүндүрмөсү жок" жана Венгрияны арзан, Россиядан келбеген мунай жана газ менен камсыз кылууга жетиштүү инфраструктура мурунтан эле бар экенин айтат.

“Интеграцияланган Европа базарында орус энергиясынан ажыроо маселе болбошу керек, бардык шарттар бар. Бул жерде ниет жетишпейт,” - деди Миклош.

Европа Биримдиги өлкөлөрү Россиянын Украинага кол салышынан кийин Россиядан мунай жана газ импортун азайтуу үчүн тез арада чара көрүп, 2022-жылы Россиянын мунайына эмбарго киргизген жана быйыл 2027-жылдын аягына чейин Россиянын бардык газ жана мунай импортун акырындык менен токтотуу планын жарыялаган.

Батышка өтүү жолдору

Европа Бирмдигинин Россияны энергетикалык кирешеден ажыратуу аракети Венгрия лидерлерин кыжырдантып, бул кадамдарды туура эмес жана идеологиялык жактан түрткү болгон кадам катары мүнөздөштү.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто сентябрда социалдык тармактардагы баракчасына "Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин... ар бир өлкөнүн географиялык абалы энергия булактарын кайдан сатып аларын аныктап жатканын көрө албаганы таң калыштуу", - деп жазып буларды кошумчалады: "Түтүктөр менен байланышпаган жерлерден газ жана мунай алууну кыялданышыбыз мүмкүн, бирок кыялдар менен үйлөрүбүздү жылыта албайбыз, суу кайната албайбыз же заводдорду иштете албайбыз".

Жыл башында мунайынын болжол менен жарымын "Дружба" кууру аркылуу Россиядан алган Чех Республикасынын лидерлери, орус мунайынын эскпортун токтотуу үчүн керектүү акыркы инфраструктуралу демилгеси болгон Италиянын түтүк линиясынын көлөмүн эки эсеге чыгаргандан кийин, өлкөнүн "мунай көз карандысыздык күнүн" белгилешти.

Учурда Россиядан чийки мунайдын басымдуу бөлүгүн «Дружба» түтүгү аркылуу алып жаткан Венгриянын экинчи түтүгү бар: Хорватиянын Адриатика деңизинен келген Адриа түтүгү.

MOL компаниясы жылына 14 миллион тонна мунай талап кылынарын айтса, Хорватиянын мунай ташуу компаниясы Janaf бул муктаждыкты толук камсыздай ала турганын билдирген.

Альтернативдүү жолдор

Венгрия өкмөтү Россиянын энергиясынан баш тартуу аракеттерин элдик коммуналдык кызматтарды арзандатуу программасына коркунуч катары көрсөтүүдө. Орбан май айында жарыялаган видеодо эгерде Россиядан келген камсыздоодон баш тартылса, үйлөргө келген электр энергиясы үчүн төлөмдөр эки эсеге, ал эми газ үчүн төлөмдөр дээрлик үч эсеге көбөйөрүн айтты.

Бирок газ секторун изилдөөчү аналитик Борбала Такачсне Тоттун айтымында, Венгриянын орус газы үчүн төлөгөн баасы Европанын эталондук бааларына негизделген жана башка өлкөлөрдүн орусиялык эмес газ үчүн төлөгөн баасынан анчалык арзан эмес.

Миклоштун айтымында, Венгрия өкмөтү Россиянын энергетикасын сатып алууну улантууда чечкиндүү болгонуна карабастан, Европа Биримдигинин эрежелери жакын арада бул абалды өзгөртөт. “Эми баары мурдагыдай болбойт, анткени Европа Биримдиги Россияга ишенүүгө болбой турганын түшүндү,” - деп кошумчалаган.

Иликте
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат
АКШ менен Сауд Арабия Калифорния чөлүндө биргелешкен аскердик машыгууну башташты
Филиппинди каптаган өлүмгө алып келген "Калмаеги" тайфуну Вьетнамды көздөй жылып баратат
АКШ Газа коопсуздук күчү боюнча резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштады