Мальдив аралдары дүйнөдө биринчи жолу бир муун жарандарына тамеки чегүүгө тыюу салды
2007-жылдан кийин төрөлгөн ар бир адамга тамеки сатууга жана колдонууга тыюу салган жаңы мыйзам "тамекисиз муунду" түзүүгө багытталууда.
Мальдив аралдары тамеки продукцияларын сатууга жана колдонууга келечек муундар үчүн тыюу салган мыйзамды ишке ашырды. Бул дүйнөдө алгачкы болуп саналат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу ишемби күнү билдирди.
Жаңы мыйзамдын негизинде 2007-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн адамдарга тамеки бпродукцияларын сатып алууга, колдонууга тыюу салынды. Бул мыйзам май айында президент Мохамед Муиззу тарабынан бекитилген жана “тамекисиз муунду” түзүү максатын көздөйт. Министрликтин айтымында, бул кадам коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өкмөттүн чечкиндүү аракетин чагылдырууда.
“Бир муунду камтыган бул тыюу салуу жаш мальдивдиктердин тамекинин өлүмгө алып келүүчү таасиринен алыс чоңоюшун камсыз кылуу үчүн жасалган кадам”,- деп билдирген министрлик мыйзамдын Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясында белгиленген милдеттенмелерге ылайык келерин баса белгиледи.
Чекене сатуучулар эми сатып алуучулардын жашын текшерүүгө милдеттүү жана бул тыюу салуу бардык тамеки продукцияларын камтууда.
Мальдив аралдары электрондук тамеки жана вейпинг продукциялары боюнча дүйнөдөгү эң катаал чектөөлөрдүн бирине ээ. Бул продукцияларды импорттоо, сатуу, таратуу жана колдонуу бардык курактагылар үчүн тыюу салынды.