ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Министр Фидан: Түркияга зыян келтирүү үчүн кылынган ар бир аракет ийгиликсиз болот
Тышкы иштер министри Хакан Фидан 15 – июль демократия жана Улуттук биримдик күнүнөн улам билдирүү жарыялады. Фидан: «Түркияга зыян келтирүүнү каалаган ар бир кыймыл өткөн күндө болгондой келечекте да ийгиликсиздикке учурайт»,- деди.
Министр Фидан: Түркияга зыян келтирүү үчүн кылынган ар бир аракет  ийгиликсиз болот
/ AP

Тышкы иштер министри Хакан Фидан социалдык медиа аккаунтунда 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата билдирүү жарыялады. Фидандын билдирүүсүндө булар орун алды : «Чет элдик чалгындоо кызматтарынын күн тартибин көздөгөн, Түркияга тизе бүктүрүү кыялы менен аракет кылган чыккынчылык тармактары эсепке ала албаган нерсе; элибиздин эркиндигине жана адилеттүүлүккө  болгон берилгендиги жана мамлекетибиздин күчү.

Президентибиздин кыраакылыгы жана асыл улутубуздун эрки 15-июлга караган түнү ФЕТӨго  тоскоол болду. Өзүнүн  чечкиндүүлүгүн көрсөткөн элибиз эч кандай коркунучка моюн сунбастыгын дагы бир жолу көрсөттү.

ФЕТӨнүн кыянаттык күн тартибин ачыкка чыгарган мамлекетибиз; бул террордук уюм кайсы жерде баш калкалаган болсо да артынан түшүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн дүйнөнүн ар бурчунда чечкиндүү түрдө  кадам  таштоодо.

ФЕТӨ менен күрөшүүдө эч качан тартынбаган баатырларга  15 -  июль күнү жана андан мурун мекен үчүн жанын берген шейиттерибизге Аллахтын ырайымын тилеп, ардагерлерибизге ыраазычылыгымды билдирем.

Түркияга зыян келтирүүнү каалаган ар бир аракет өткөн күндө болгондой эле келечекте да ийгиликсиз болот.

15 -  июль Демократия жана улуттук биримдик күнү куттуу болсун».

Иликте
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү
Министр Фидан: "Кара деңизде навигациянын коопсуздугунун төмөндөшү тынчсыздандырууда"
Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун экинчи этабы боюнча Каирде сүйлөшүүлөр уланууда
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Калын Газа дипломатиясы үчүн Каирде
Министр Фидан: Ортоңку коридор үч тараптуу кызматташуубуздун стратегиялык негизине айланды
Пашинян Батыш менен жакындашууга жана Орусия менен тең салмактуу саясат жүргүзүүгө убада берди
Түркия 4 айда 195 миллион долларлык лимон экспорттоду