САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Пашинян: "Орусия аскердик базасын Армениядан чыгарып кетүүнү чечсе, буга каршы болбойбуз"
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын Гюмри шаарындагы орусиялык аскердик база тууралуу: "Эгерде Армения бул инфраструктуранын кереги жок экенине чкчим чыгарса, биз эртең эле чыгып кетебиз" деп билдирген.
Пашинян: "Орусия аскердик базасын Армениядан чыгарып кетүүнү чечсе, буга каршы болбойбуз"
Никол Пашинян Владимир Путин менен 1-сентябрда Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушкан

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз өлкөсүндө орусиялык аскердик базанын болушу маанилүү эмес экенин айтып, "Эгерде Орусия аскердик базасын Армениядан чыгарып кетүүнү чечсе, биз буга каршы болбойбуз" деди.

Николь Пашинян 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен өткөргөн жолугушуусуна сереп салды.

Пашинян жолугушуу позитивдүү өткөнүн жана жакынкы аралыкта Орусиянын борбору Москвага баруу боюнча макулдашканын билдирди.

Пашинян ошондой эле Путин менен Орусия башкарган Армениянын темир жолдорун талкуулаганын айтып, "Бул маселени чечүү керек деген түшүнүк болду. Азыркы кырдаал көпкө созулушу мүмкүн эмес" деди.

Армениядагы орусиялык аскер базасы тууралуу Пашинян: "Бул маселе көтөрүлгөн жок. Арменияда орусиялык аскер базасынын болушу өтө маанилүү эмес. Эгерде Орусия өзүнүн аскер базасын Армениядан чыгарып кетүүнү чечсе, биз буга каршы болбойбуз. Бирок эгер алар калуу каалоосун билдиришсе, бул теманы да талкуулоого даярбыз", - деди.

Орусиянын президенти Путин буга чейин Армениянын Гюмри шаарындагы орусиялык аскер базасы тууралуу: "Эгерде Армения бул инфраструктуранын кереги жок экенине чечим чыгарса, биз эртең эле чыгып кетебиз", - деп билдирген.

Иликте
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Президент Эрдоган Үй-бүлө фестивалына барды
Aselsan гибриддик абадан коргонуу системалары үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Эл аралык космос конгресси Антальяда башталды
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Эрдоган: Жылдын алгачкы 5 айында экспорттун рекорддорун жаңыртуу менен тарыхый ийгиликке жетиштик
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Автоунаа тармагы сентябрь айында кайрадан алдыда
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Стамбул аэропорту Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп саналат
Эрдоган: Түркия коргоо өнөр жайында "толук өзгөрүүгө жетишүүдө"
Эболадан каза болгондордун саны 4000ден ашты
Түркия менен Франциянын ортосундагы коргоо кызматташтыгында маанилүү кадам
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду