Түркия: Катарда аскердик тик учактын кыйрашынан үч түрк каза болду
Катарда биргелешкен машыгуу учурунда аскердик тик учак деңизге кулап, төрт катарлык ,бир түркиялык аскер жана 2 техникалык кызматкер каза болду.
8рТүркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги Катардагы аскердик тик учак кырсыгында жалпысынан 7 адам каза болгонун жарыялады. Министрлик каза болгондордун арасында Катардын Куралдуу күчтөрүнүн 4 кызматкери, Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн 1 кызматкери жана 2 ASELSAN техникалык кызматкери болгонун билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Түркия менен Катардын ортосундагы аскердик кызматташтык жана координациялоо иш-чаралары учурдагы келишимдердин жана пландардын алкагында үзгүлтүксүз уланып жатканы баса белгиленет.
Билдирүүдө алгачкы тыянактарга ылайык, Катар-Түркия Биргелешкен Күчтөрүнүн командачылыгынын алкагында машыгуу иш-чараларын өткөрүп жаткан Катардын Куралдуу күчтөрүнө таандык тик учак ишемби күнү кечинде техникалык бузулуудан улам деңизге кулаганы айтылган.
Кырсыктан кийин издөө-куткаруу иштери башталып, тик учактын калдыктары жана каза болгон кызматкерлердин сөөктөрү табылды.
Министрлик маркумдарды «шейит» деп атап, каза болгондордун арасында 4 катарлык жоокер, 1 түрк аскер кызматкери жана 2 ASELSAN техникалык кызматкери болгонун билдирди.
Кырсыктын так себеби Катар бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган иликтөөнүн натыйжасында тактала турганы кабарланды.
Өз билдирүүсүндө Улуттук коргоо министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга сабырдуулук тиледи, ошол эле учурда Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө, Катардын Куралдуу күчтөрүнө, ASELSANга, түрк элине жана Катар элине көңүл айтты.