ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ливия жээгинде паром оодарылып, 53 мигрант, анын ичинде эки ымыркай каза болду же дайынсыз жоголду
Акыркы окуя менен бирге, 2026-жылы бул каттамда каза болгон же дайынсыз жоголгон мигранттардын саны кеминде 484кө жетти.
Ливия жээгинде паром оодарылып, 53 мигрант, анын ичинде эки ымыркай каза болду же дайынсыз жоголду
Ливия жээгинен алыс эмес жерде, Жер Ортолук деңизиндеги издөө-куткаруу операциясы учурунда оодарылып кеткен резина кайык көрүнүп турат. / Reuters

Эл аралык Миграция Уюмунун (IOM) дүйшөмбү күнкү билдирүүсүнө ылайык, Ливиянын жээктеринде 55 адамды ташыган паром оодарылып кетти. Натыйжада, арасында эки ымыркай болгон 53 мыйзамсыз мигрант каза болду же дайынсыз жоголду.

Эл аралык Миграция Уюму аман калгандардын маалыматына таянуу менен, паром бейшемби күнү Завиядан жолго чыгып, жума күнү Зувара жээгинде чөккөнүн билдирди. Завия жана Зувара — Ливиянын борбору Триполинин батышында жайгашкан эки жээк шаарчасы.

Эл аралык Миграция Уюму  билдирүүсүндө: "Ливия бийлиги тарабынан жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө нигериялык эки аял гана куткарылды. Аман калгандардын бири күйөөсүнөн айрылганын, экинчиси болсо эки ымыркайынан айрылганын айтты", — деп айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Жер Ортолук деңизинин борбордук бөлүгүндө 1300дөн ашык мигрант дайынсыз жоголгон.

Аба ырайынын кескин шарттарына байланыштуу, бир гана январь айында  аймактагы бир нече "көрүнбөгөн" деңиз кырсыктарынын натыйжасында кеминде 375 мигрант каза болду же дайынсыз жоголду деп билдирилген; жүздөгөн каза болгон киши катталбай калышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.

Агенттик: "Бул акыркы окуя менен бирге, 2026-жылы аталган багытта каза болгон же дайынсыз жоголгон мигранттардын саны кеминде 484кө жетти", — деп кошумчалады.

Ливия кагылышуулардан жана жакырчылыктан качып башпаанек издегендер жана мыйзамсыз мигранттар үчүн чөл жана Жер ортолук деңизи аркылуу өткөн кооптуу жолдор аркылуу Европага жетүүдөгү негизги транзиттик борборго айланды.

 

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат