ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кытай, Иран жана Россиянын дипломаттары ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырышты
АКШнын Тегерандын атомдук программасын чектеген жана анын ордуна санкцияларды жеңилдеткен тарыхий келишимден чыгышынан кийин, Кытай, Россия жана Ирандын дипломаттары сүйлөшүүлөрдү кайрадан башташты.
00:00
Кытай, Иран жана Россиянын дипломаттары ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырышты
/ Reuters

 Кытай, Россия жана Ирандын дипломаттары Пекиндин Тегерандын  атомдук программасы тууралуу көптөн бери токтотулган сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоо үмүтү менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө кайрадан жолугушту. Мамлекеттик медиа жыйындын Кытайда ишке ашкандыгын жарыялады.

Иран Вашингтондун  2025 -  жылы келишимден чыгышынан кийин бир жыл боюнча убадаларын аткарды бирок кийинчерээк милдеттерин азайта баштады. Ал күндөн бери келишимди жандандыруу аракеттери ийгиликсиз болду.

Кытай өкмөтү жума күнү өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн «байланыш жана координацияны чыңдоону, диалогду жана сүйлөшүүлөрдү эң кыска убакта кайрадан баштоону» максат кылгандыгын белгиледи.

Кытайдын мамлекеттик телекөрсөтүүсү CCTV жарыялаган жолугушуунун кыскача баяндамасында үч дипломаттын "Ирандын өзөктүк маселеси жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча пикир алмашуунун болгону" айтылды.

Сүйлөшүүлөр тууралуу кенен маалымат берилбестен, жыйынга Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосю, Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары  Казым Гарибабадинин катышкандыгы билдирилди.

Трамптын катаал саясаттары жана Ирандын жообу

Январь айында экинчи жолу Ак үйгө кайтып келген Трамп Иранга карата “максималдуу кысым көрсөтүү”саясаттарын кайрадан ишке ашыруу менен биринчи мезгилдеги мамилесин  улантты.

Трамп Иран менен жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды бирок Тегеран санкциялар күчүндө турган кезде түздөн түз сүйлөшүүлөрдү четке какты.

Бирдей шарттарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талабы

Бул жумада Трамп Иранга бир кат жиберип атомдук сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин белгиледи жана аскердик аракеттердин ыктымалдуулугун күн тартибине алып келди.

Тегеран башкаруусу бейшемби күнү берген билдирүүсүндө Трамптын Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманейге кайрылып жазгандыгын айткан каттын «изилденип жаткандыгын» жарыялады.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи бейшемби күнү өкмөттүн расмий гезитине берген маегинде : «Натыйжада АКШ санкцияларды жоюшу керек»,- деди.

«Кысым жана коркутуулардан тазаланган, бирдей шарттарда сүйлөшө ала турган жана элибиздин улуттук кызыкчылыктары сакталган чөйрөдө түздөн  - түз сүйлөшүүлөрдү баштайбыз»,- деди.

Ирандын уранды байытуу деңгээли жогорулоодо

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) өткөн айда жарыялаган отчетунда Ирандын 60% тазалыктагы өтө байытылган урандын запастарын олуттуу түрдө көбөйткөндүгү белгиленди.  Бул көрсөткүч атомдук курал өндүрүү үчүн талап кылынган 90 пайыздык деңгээлге абдан жакын.

 Бирок Ирандын диний лидери Хаменей ушул аптада жасаган билдирүүдө өлкөсүнүн "өзөктүк куралга ээ эмес экендигин" жана "мындай куралдарды чыгарууга аракет кылбагандыгын" билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) февраль айында жарыялаган отчетунда Ирандын 60 пайыздык катнашта байытылган уран запасын маанилүү өлчөмдө арттыргандыгы жана мунун атомдук курал өндүрүү үчүн  үчүн талап кылынган 90 пайыздык деңгээлге жетүүгө абдан жакын экендигин билдирген.

Иликте
АКШ Иран дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Сурамжылоолор оппозициянын рейтинги өсүп, Ликуд партиясы эң төмөнкү орунда экенин көрсөттү
2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок Мексиканын Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңиши менен башталды
Орусия: Украинанын Татарстанга дрон чабуулунан 4 адам жаракат алды
Иран эскертти: АКШнын энергетикалык объектилерди бутага алышы "туңгуюкту" жаратышы мүмкүн
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды