Түркиянын Ички иштер министри Мустафа Чифтчи Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси менен жолугушту. Мустафа Чифтчи социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Пиантедосини жана анын делегациясын Министрликте кабыл алгандарын жарыялады.
Жолугушууда мыйзамсыз миграция жана мигранттардын аткезчилигине каршы күрөшүү, терроризмге каршы күрөшүү, жаңы муундагы уюшкан кылмыштуу топтор жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү сыяктуу жалпы коопсуздук күн тартибин талкуулагандарын билдирген Чифтчи сөзүн мындайча улантты:
"Биз чек ара коркунучтарына каршы күрөшүү күчтүү эл аралык тилектештик жана натыйжалуу кызматташуу аркылуу мүмкүн деп эсептейбиз. Ушул алкакта Жер Ортолук деңизинде мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү, террористтик уюмдардын каржыланышын жана пропагандалык ишмердүүлүгүнүн алдын алуу, ошондой эле Италияда жайгашкан жаңы муундагы уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жана мүчөлөрүн биздин өлкөгө өткөрүлүп берилиши боюнча күтүүлөрүбүздү бөлүштүк. Италиялык кесиптешибиз да өз өлкөсүндөгү жаңы муундагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө тургандарын билдирип, бул кылмыштуу тармактар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн биргелешкен тергөө жана изилдөө топторун түзүүнү сунуштады".



















