ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түштүк Судан менен Уганданын ортосундагы чек ара кагылышууларында алты адам каза болду
Дүйшөмбү күнү Түштүк Судандын Кажо Кежи районунда эки армиянын ортосунда атышуу болуп, Түштүк Судандын 5 аскери каза болду.
Түштүк Судан менен Уганданын  ортосундагы чек ара кагылышууларында алты адам каза болду
/ Reuters

Чек ара талаш - тартышынан улам айрым учурларда майда кагылышуулар болгон Түштүк Судан менен Уганданын ортосундагы орток чек арага жакын жерде болгон кагылышууларда кеминде алты киши каза болду.

Уганда армиясынын басма сөз катчысы Феликс Кулайигье шаршемби күнү Түштүк Судан Элдик Коргоо Күчтөрүнүн (SSPDF) аскерлери Уганданын Батыш Нил аймагына уруксатсыз киргендигин жана чыгуудан баш тартканын, кагылышуудан кеминде бир Уганда аскеринин каза тапканын билдирди.

Кажо-Кежи районунан жасалган билдирүүдө, Уганда күчтөрүнүн танк жана артиллериялык колдоосу менен ишке ашырган күтүүсүз кол салууда 5 SSPDF аскеринин каза болгондугу билдирилди. Түштүк Судан армиясы кагылышууну ырастап, бирок каза болгондордун санын билдирген жок.

Уганда Түштүк Судандын президенти Салва Киирдин күчтөрүн ондогон жылдардан бери колдоп келет. Бул колдоо өлкөнүн 2011-жылдагы эгемендик күрөшү жана андан кийинки жарандык согуш учурунда да улантылды.

SSPDF басма сөз катчысы Лул Руай Коанг шейшемби күнү кечинде учурдагы биргелешкен чек ара комитети кайталанган чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорун изилдей турганын билдирди.

Март айында Түштүк Судан президент Киир менен атаандашы, биринчи вице-президент Риек Мачардын ортосундагы мамиленин чыңалуусу менен борбор шаар Жубадагы коопсуздукту чыңдоо үчүн Уганда армиясын жардамга чакырган.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады