САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Таиланддын премьер-министри ишеним добушунан өттү
Паетонгтарн Чинават оппозициянын тууганчылык жана саясаттын ийгиликсиздиги үчүн айыптоолоруна карабастан ишеним көрсөтпөө добушун жеңип, премьер-министрлик кызматында калды.
Таиланддын премьер-министри ишеним добушунан өттү
Тайланддын премьер-министри ишеним добушунан өттү / Reuters

Таиланддын премьер-министри Паетонгтарн Чинават шаршемби күнү парламентте ишеним көрсөтпөө добушунан cуурулуп чыгып, оппозициялык партиялардын аны миллиардер экс-премьер Таксин Чинаваттын марионеткасы деп айыптаган чакырыгын жеңип чыкты.

Оппозиция 38 жаштагы Паетонгтарндын өлкөнү башкаруудагы тажрыйбасыздыгын жана анын ишмердүүлүгүн сынга алган эки күндүк талкуудан кийин, депутаттар ишеним көрсөтпөө сунушун 319 добуш менен четке кагышты. Каршы добуш бергендердин саны 162 болуп, жети депутат болсо калыс позициясын карманды.

Паетонгтарн добуш берүүдө жеңишке жеткенден кийин өзүнүн колдоочуларына ыраазычылык билдирди.

"Бардык добуштар, колдогон жана каршы болгон, мени жана министрлер кабинетин эл үчүн тынымсыз иштөөгө шыктандырат," деп ал Facebook баракчасына жазды.

Таксин, Таиланддын заманбап тарыхындагы эң таасирдүү, бирок талаштуу саясатчы, 2023-жылы 15 жылдык өз ыктыяры менен сүргүндөн кийин өлкөгө кайтып келген.

Ал мурдагы коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптар үчүн сегиз жылдык түрмө жазасынын бир нече айын полиция ооруканасында өткөргөндөн кийин падыша аны кечирген. Бул анын жеңилдик менен мамиле көргөнү тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды күчөткөн.

75 жаштагы Таксин 2001-2006-жылдардагы башкаруусунда жакыр тайлыктар арасында популярдуулукка ээ болгон, бирок аны падышалык консервативдүү элита коррупцияга жана манипуляцияга жакын деп жек көрөт.

ТийиштүүThai king appoints Paetongtarn Shinawatra as new PM

‘Шайтандык келишим’

Паетонгтарн былтыр Пхеу Тай партиясы жетектеген коалициялык өкмөттү башкаргандыктан премьер-министр болуп дайындалган. Бул партия Таксин негиздеген саясий кыймылдын акыркы версиясы болуп саналат. Анын алдында премьер-министр Сретта Тависин соттун чечими менен кызматтан алынган.

Ишеним көрсөтпөө талкуусу учурунда оппозициядагы Элдик партиянын ачык сүйлөгөн депутаты Рангсиман Ром Паетонгтарнды атасына артыкчылык шарттарды түзүп берүү үчүн келишим түзгөн деп айыптады.

"Сиз атасыңызга башка туткундарга караганда жакшы шарттарды түзүү үчүн шайтандык келишим түздүңүз," деп ал парламентте айтты.

"Шарт мындай болгон: Сиздин атаңыз бир күн да түрмөдө отурбайт."

Паетонгтарн бул айыптоону четке кагып, атасынын падышалык кечиримге ээ болушу анын премьер-министр болуп дайындалышынан бир нече ай мурун болгонун белгиледи.

Иликте
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды
Россия: Краснодар аймагында Украинанын дрондук  чабуулунан эки адам каза болду