САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Ирак Ормуз кысыгы жабылып, мунай экспорту токтотулгандыктан Керкүк-Түркия кууруна кайрылууда
Багдад өндүрүштү кыскартып, жаңы экспорттук жолдорду издеп жатат, анткени Перс булуңундагы жаңжал дүйнөдөгү эң маанилүү мунай жолдорунун бири аркылуу ташууга тоскоолдук жаратууда.
Ирак Ормуз кысыгы жабылып, мунай экспорту токтотулгандыктан Керкүк-Түркия кууруна кайрылууда
Архивдик сүрөт: Ирактын Киркук шаарынын чет жакасындагы Дибис аймагындагы мунай кени, 2017-жылдын 17-октябры. / Reuters
17 Март 2026

Ормуз кысыгынын жабылышынын мунай ташууну токтотущунан улам Ирак чийки мунай экспортунун альтернативдүү жолдорун даярдап жатат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Керкүк-Жейхан мунай кууру аркылуу Түркияга экспорт бир нече күндүн ичинде кайра башталышы мүмкүн.

Ирактын вице-премьер-министри жана мунай министри Хайян Абдулгани дүйшөмбү күнү Багдад аймактык согуштун кесепетинен улам келип чыккан үзгүлтүктөн кийин экспорттук кубаттуулукту калыбына келтирүү үчүн шашылыш чараларды көрүп жатканын билдирди.

Видео билдирүүсүндө Абдулгани Ирак ОПЕКтин квотасы боюнча күнүнө болжол менен 4,4 миллион баррель мунай өндүрөрүн, анын ичинен 3,4 миллион баррели экспорттолуп турганын айтты. Экспорттун көпчүлүгү Басра мунай терминалы сыяктуу түштүк объектилери аркылуу жүргүзүлдү.

Бирок, Перс булуңундагы энергия ташуучу жол болгон Ормуз кысыгынын жабылышы Иракты экспортту токтотууга жана өндүрүштү кескин кыскартууга мажбур кылды.

Министр: «Ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн мунай өндүрүшү азыр күнүнө болжол менен 1,5–1,6 миллион баррелге чейин кыскартылды», - деди. Ал мунай иштетүүчү заводдор бензин, дизель, суюлтулган газ жана башка күйүүчү майларды жеткирүү үчүн толук кубаттуулукта иштеп жатканын кошумчалады.

 Ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө кырдаалдардагы резервдер сакталып жатканы айтылды.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк энергетикалык кризисти жаратууда

Жаңы экспорттук жолдор изделүүдө

Багдад өкмөтү азыр дүйнөлүк рынокторго мунай агымын сактоо үчүн бир нече альтернативдүү экспорттук жолдорду баалап жатат.

Абдулганинин айтымында, мунай жакында Керкүк кууру аркылуу Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Жейхан портуна ташылышы мүмкүн. Бул куурдун суткалык кубаттуулугу 200 000ден 250 000 баррелге чейин.

Куурду сыноо жана техникалык тейлөө иштери негизинен аяктап, болжол менен 100 чакырымдык аралыкка гидростатикалык сыноолор бир жуманын ичинде аякташы күтүлүүдө.

Ишке киргизилгенден кийин, чийки мунай Керкүк мунай кендеринен түз куурга берилип, Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусу (ИКАБ) көзөмөлдөгөн аймактардан өтпөстөн Түркияга жеткирилет.

Ирак ошондой эле Сириядагы Банияс порту аркылуу мунай ташуу жана аны Иорданиядагы Акабага созулган куур аркылуу экспорттоо сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатат.

Бул даярдыктар Перс булуңундагы жаңжалдын дүйнөлүк энергетикалык камсыздоого тийгизген экономикалык таасиринин өсүп жатканын көрсөтүп турат. Дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Ирак аймактын негизги деңиз транспорту жабык бойдон турганда экспортун сактап калуунун жаңы жолдорун издеп жатат.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп НАТОнун «жаман келечеги» жөнүндө кыйытты
Иликте
АКШга Стармердин айтканы: «Биз бул блокаданы колдобойбуз»
Каирде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, Израиль Газага дагы кол салды
Трамп АКШнын деңиз флотуна Ормуз кысыгын курчоо буйругун берди
Газадагы ун кризиси тереңдеп баратат, азыркы көлөмү суроо-талаптан кыйла төмөн
Пасха майрамындагы элдешүү бузулуп, Орусия менен Украина бири-бирин айыптап жатышат
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
Иран:10 пункттан турган келишимдин негизги жоболору тынчтык сүйлөшүүлөрү баштала электе эле бузулган
Иран: АКШ 10 пункттан турган тынчтык сунушун «принцип катары» кабыл алды
Пакистандын премьер-министри: АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты
АКШ менен Ирандын сунушталган келишими боюнча эмнелер белгилүү?
Трамптын Ормуз боюнча мөөнөтү аяктаар алдында Иранга кол салуулардан 25тен ашык адам каза болду
Зеленский менен Фидан коопсуздук жана коргонуу маселелерин сүйлөшүү үчүн Дамаскка барды
Кемелер Марсельден Газа жардам флотилиясына кошулуп, Израилдин блокадасын бузууга умтулууда
Израилдин Ливандын түштүгүнө жасаган чабуулдарынан кеминде 20 адам каза болду
Иран дрондорунун соккусу Кувейттин өкмөт комплексине чоң зыян келтирди
Трамп: «АКШ Иранда кулаган F-15 учагынын экинчи учкучун куткарып калды»