Яловадагы терроризмге каршы операцияда кеминде алты ДЕАШ террористи жок кылынды
Ички иштер министри Али Йерликаянын айтымында, операцияда үч коопсуздук кызматкери да каза болду.
ДЕАШ террористтерине каршы операция жүргүзүлдү. / AA
Түркиянын түндүк-батышындагы Ялова облусунда терроризмге каршы операцияда кеминде алты ДЕАШ террористи жок кылынды.
Ички иштер министри Али Йерликая дүйшөмбү күнү террористтер коопсуздук күчтөрүнө ок чыгарганда үч полиция кызматкери каза болгонун билдирди.
Йерликая: "Тилекке каршы үч баатыр полиция кызматкерибиз шейит болду", - деп кабарлады. Кагылышууда сегиз полиция кызматкери жана бир коопсуздук кызматкери да жаракат алды.
Операциянын Яловадагы ДЕАШ мүчөлөрүн бутага алганы жана түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы аракеттердин алкагында жүргүзүлгөнү маалымдалды.