ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия жеңишинин 103 жылдыгын белгилөөдө
30-август Жеңиш майрамында түрк улуту 1922-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилигинде жеңишке жетип, Анадолудагы эгемендигин жана баркын түбөлүккө калтырган жеңишти белгилейт.
Түркия жеңишинин 103 жылдыгын белгилөөдө
Түрк аскерлери грек бөлүктөрүн талкалап, Анадолудагы чет өлкөлүк баскынчылыкты токтотту. / AA

Түркия өзүнүн 103-Жеңиш күнүн белгилеп, 1922-жылы Думлупынар салгылашында грек армияларына каршы жетишкен бурулуш жеңишин эскерүүдө.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилиги астында 1922-жылдын 26-августунда башталган Чоң чабуулдун алкагындагы бул аскердик кампания Түркиянын көз карандысыздыгын камсыз кылып, ошол эле жылдын 18-сентябрында аяктаган.

Тарыхчылар бул жеңишти Ататүрктүн жетекчилиги астында Түркиянын өз алдынчалуулукка болгон чечкиндүүлүгүн жана Анадолуда түбөлүк жашоо укугун жарыялаган учур катары белгилешет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да Жеңиш күнүн белгилеп, бул жеңишти аскердик гана эмес, “биздин улуттун кайра жаралуусунун, жашоо үчүн күрөшүнүн жана түбөлүк көз карандысыздыгынын белгиси” деп атады.

Ишемби күнү Эрдоган:“Бүгүнкү биздин милдет – 30-августта тутанган көз карандысыздык отун биримдик жана тилектештик менен күчтүү келечекке алып баруу,” – деди.

Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын бул куттуу күнгө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: “Улутубуздун көз карандысыздык жана эркиндик сүйүүсүнө берилгендиги жана чечкиндүүлүгү туу чокуга жеткен 30-август жеңишинин 103 жылдыгын эскеребиз”,-деди.

Сөзүн улап, “Тарыхта сансыз кыйынчылыктарды биримдик, ынтымак, ыйман менен жеңип келген асыл элибиз бүгүн да ошондой эле чечкиндүүлүк, көрөгөчтүк менен эртеңки күнүн көздөй басып баратат.Улуттук чалгындоо уюму катары бул ыйык мурастын жоопкерчилигин мойнуна алып, мамлекетибиздин коопсуздугу жана эгемендигибиздин кепилдиги үчүн өтө кылдаттык жана аяр мамиле менен кызматыбызды улантуудабыз”,-деп айткан Калын билдирүүсүн төмөнкү сөздөр менен аяктады: “Ушул мүмкүнчүлүктөн улам Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору менен бул жерлерди мекен кылган бардык шейиттерибизди ырайым, ыраазычылык, урматтоо менен эскерип, асыл улутубузду 30-август Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм”.

Түрк Тарых коомунун жетекчиси Йүксел Өзген бул жеңишти 1071-жылдагы Малазгирт салгылашына салыштырып, аны түрк улутунун Анадолу жеринде түбөлүк кала тургандыгынын жарыясы деп атады.

Өзген:“Малазгирт салгылашы бул аймактын эшигин ачып, бизге жаңы горизонт жана жаңы цивилизация куруу мүмкүнчүлүгүн бергендей эле, Чоң чабуул жана 30-августтагы жеңиш дүйнөгө түрк улуту Анадолуда түбөлүк кала турганын жарыялады,” – деди .

“[…] Чоң чабуул түрк улутуна империялык күчтөр кийдиргиси келген кийимди айрып салды. Бул Европадан, андан кийин Анадолудан түрк улутун Борбордук Азияга сүрүп чыгаргысы келген ой жүгүртүүгө каршы сокку болду”,-деп айтты ал.

Оккупациянын аякташы

Осмон империясы Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин, Антанта күчтөрү өлкөнүн кеңири аймактарын басып алып, Боштондук согушу деп аталган чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө түрткү берген.

Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлери Анадолудагы чет элдик көзөмөлдү жок кылышкан.

1922-жылдын 30-августундагы Думлупынардагы чечүүчү салгылашта грек бөлүктөрү талкаланып, грек-түрк жаңжалы Түркиянын пайдасына чечилген.

1922-жылдын аягына чейин чет элдик аскерлер чыгып кетип, кийинки жылы Түркия Республикасынын жарыяланышына жол ачылган.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, министрлер жана генералдар менен бирге, борбор шаар Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейи – Аныткабирге салтанаттуу гүлчамбар коюшу күтүлүүдө.

Иликте
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды