Ишемби күнү эртең менен Испаниянын түштүгүндөгү Гранадада 5 баллдык жер титирөө болду. Аймактык өкмөт үйлөргө жана унааларга зыян келтирилгенин билдирди, бирок жабыркагандар жок.
Жер титирөө түнкү саат 1:00дөн көп өтпөй Алхендин метрополитен аймагында болду.
Испаниянын TVE телеканалы популярдуу туристтик шаар Гранаданын көчөлөрүнө чачыраган таштандылардын жана айрым унааларга келтирилген зыяндын сүрөттөрүн көрсөттү.
Андалусиядагы тез жардам топтору жабыркаган имараттардан көптөгөн адамдарды куткарышты.
Андалусия аймактык өкмөтүнүн вице-президенти Антонио Санц Кабелло ишемби күнү X сайтындагы билдирүүсүндө бийликтин өзгөчө кырдаал жарыялаганын билдирди.
Кабелло: «Эгерде Гранададагы жер титирөөнү сезсеңиз, абалыңыз жакшы болсо жана үйүңүздө эч кандай зыян болбосо, тынч болуңуз жана керексиз жерге имараттарга кирип-чыкпаңыз. Көчөдө жүргөндө, фасаддардан, имараттын бурчтарынан, балкондордон, дубалдардан жана кулап кетиши мүмкүн болгон башка нерселерден алыс болуңуз», - деп жазды.





















