ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын Камчатка аймагында күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болду
Япония, Эквадор, Филиппиндер жана АКШнын Гавайи, штаты да болгон бир топ өлкө Россиядагы жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү жарыялашты.
Россиянын Камчатка аймагында күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болду
/ AA

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, Россиянын Камчатка жарым аралына жакын жерде 8,8 баллдык жер титирөө болду.

Шаршемби күнү жарыяланган билдирүүгө ылайык, жер титирөөнүн очогу 20,7 чакырым тереңдикте жана Петропавловск-Камчатскийден 119 чакырым чыгыш-түштүк-чыгышта болду. Жер титирөөнүн тайыз жана күчтүү болгон толкун же цунами жарата ала турган күчтө экендиги белгиленди.

Камчатканын губернатору Владимир Солодов Telegram аркылуу билдирүү жасап, жер титирөө "олуттуу жана акыркы ондогон жылдардан берки эң күчтүү жер титирөө" болгонун баса белгиледи.

Аймактык саламаттыкты сактоо министри Олег Мельников Россиянын ТАСС агенттигине берген билдирүүсүндө Камчаткадагы жер титирөөдөн улам бир нече адамдын жабыркаганын айтып:"Бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Учурда олуттуу жаракат алгандар жок",- деди.

Цунами тууралуу эскертүүдөн кийин Сахалин облусундагы Северо-Курильск кичи шаарчасын эвакуациялоо буйругу берилди.

Башка аймактарга таасири

АКШнын Цунами эскертүү системасы Россия, Япония, Аляска жана Гавайинин жээктеринде цунами толкундарын пайда кылуу коркунучу бар экенин эскертти.

Гонолулунун Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу департаменти Гавайидеги айрым жээк аймактарын эвакуациялоого чакырды. "Аракетке өтүңүздөр! Кыйратуучу цунами толкундары күтүлүүдө" деп айтылды.

АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы Сан-Франциско булуңу аймагында Калифорния жээгине цунами эскертүүсү берилгенин билдирди. Х платформасы аркылуу: "Суудан алыс болуңуздар! Жээктерден жана суу жолдорунан алыс болуңуздар. Жергиликтүү бийлик органдары кайтып келүүгө уруксат бергенге чейин жээкке жакындабаңыздар,",- деп билдирилди.

АКШнын Цунами эскертүү борбору Эквадорго да цунами эскертүүсүн берип, жер титирөөдөн кийин 3 метрге чейин толкундардын болушу мүмкүн экенин айтты.

Филиппиндин сейсмология агенттиги да цунами толкундарын күтүүгө болорун билдирип, Тынч океанга караган жээк аймактарындагы адамдарды жээктерден алыс болууга чакырды.

Иликте
АКШнын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун кабыл алды
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Делидеги өлүмгө алып келген өрттүн көмүскөдөгү баатырлары мусулмандар
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
УКМ: Греция менен Түштүк Кипр грек администрациясынын куралдануу аракеттери тыкыр көзөмөлдөнүүдө
Газиантеп-Халеп саммити Түркия менен Сириянын ортосунда жаңы соода көпүрөсүн куруу максатын көздөйт
Стубб Европа Биримдигинин Түркия жана Канаданы кошкондо 40 мүчөгө чейин кеңейиши керектигин айтты
Министр Фидан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту
Зеленский: "Россия толук оккупация башталгандан бери кеминде 707 украиналык баланы өлтүрдү"
Түндүк Корея лидери ядролук материалдарды өндүрүү кубаттуулугу эки эседен ашык көбөйгөнүн жарыялады
Крымдагы чыңалуу: Украинанын дрон чабуулунан 4 киши каза болду
ФИФА Дүйнөлүк Кубок стадиондорунда кайра колдонулуучу суу бөтөлкөлөрүнө тыюу салды
Ок атышпоо келишимин бузуу улантылууда,Израилдин Газага жасаган чабуулдарында тогуз адам каза болду
Кель институту: "Европанын аскердик жардамы Украинада дрон өндүрүшүн тездетүүдө"
Чилиде үнөмдөө чараларына каршы студенттердин нааразылык акциялары зордук-зомбулукка айланды