Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасы болбостон Түрк дүйнөсүнүн "толук эмес" экенин айтты
Эрдоган "Түндүк Кипр Түрк Республикасысыз Түрк дүйнөсүнүн үй-бүлөлүк фотосүрөтү эч качан толук болбойт деп эсептейбиз", - деди.
Түркиянын президенти, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Түрк Мамлекеттер Уюмуна кошулмайынча Түрк дүйнөсү "толук эмес" бойдон кала берет деп билдирди.
Режеп Таййип Эрдоган шаршемби күнү Венгриянын борбору Будапештте өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун бейрасмий саммитинде “Биздин оюбузча, Түндүк Кипр Түрк Республикасы кошулмайынча Түрк дүйнөсүнүн үй-бүлөлүк фотосүрөтү ар дайым толук эмес болуп калат”, – деди.
2022-жылдын ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасы Самарканд саммитинде уюмдун байкоочу мүчөсү болуп кабыл алынган.
Эрдоган ошондой эле Ортоңку коридордун Чыгыш менен Батышты байланыштырган негизги жол экенин белгилеп, анын ийгилиги үчүн Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды.
Аймактык кагылышууларга токтолгон Эрдоган: «Мурда Кипрде, Карабакта, Боснияда жана бүгүн болсо Газада болуп жаткан трагедиялар бизди чек араларыбыздын сыртына да көңүл бурушубуз керектигин эскертет»,-деди.
Украинада уланып жаткан согушка байланыштуу Эрдоган: «Орусия менен Украинанын ортосунда кеңири масштабдуу ок атышпоо жана адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн эки өлкө менен тыгыз байланыштарыбызды улантабыз»,-деп айтты.