ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Россия - Украина согушун токтотуу боюнча 28 пункттан турган планга кол койду
АКШнын жогорку мартабалуу жетекчиси сөз болгон алкактын бул эки тарапка тең коопсуздук кепилдигин берүүнү көздөгөнүн айтты. Украина менен план боюнча азырынча кеңешиле элек, ал эми Россия эч кандай сунуш албаганын билдирди.
Трамп Россия - Украина согушун токтотуу боюнча 28 пункттан турган планга кол койду
АРХИВ - Президент Дональд Трамп Лас-Вегастагы иш-чарада сүйлөөдө. / AP
20 Ноябрь 2025

АКШнын жогорку мартабалуу жетекчи NBC News телеканалына АКШнын президенти Дональд Трамптын ушул аптада Россия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга багытталган 28 пункттан турган планды бекиткенин билдирди.

Жетекчи: "План туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн эки тарапка тең коопсуздук кепилдиктерин берүүгө багытталган. Ал Украинанын туруктуу тынчтык үчүн каалаган жана муктаж болгон элементтерин камтыйт", - деди.

АКШлык жетекчи план тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тартып, тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын билдирди.

Америкалык үч жетекчи да NBC News телеканалына тынчтык келишиминин алкагынын азырынча Киевге сунуштала электигин билдиришти.

Эки америкалык жетекчи менен бир европалык жетекчи жана Украина өкмөтүнө жакын булак АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрискол башында турган делегациянын шаршемби күнү эки максатты ишке ашыруу үчүн Киевге барганын билдирди. Алар аскердик стратегия жана технология маселелерин талкуулоо жана администрациянын тынчтык процессин кайра баштоо аракетин колдоо.

АКШнын бир расмий өкүлү Киевге болгон сапарды Ак үйдүн "тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо" аракетинин бир бөлүгү катары мүнөздөдү.

Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Дрисколлдун Киевдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин Россиянын Дрисколл менен жолугушуу планы бар экени тууралуу "андай план жок" деп билдирди. Бул абал АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин августта Алясканын Анкоридж шаарында жогорку даражалуу жетекчилер менен өткөргөн маанилүү саммитинен бери эч кандай жылыштын болбогонун көрсөтүүдө.

Украина өкмөтүнө жакын булак жана бул маселе менен тааныш европалык расмий өкүл Украинанын сунушталган тынчтык планын түзүүдө эч кандай роль ойногон эмес деп билдиришти. Эки булак тең Украинага пландын негизги пункттары тууралуу маалымат берилгенин, бирок аларга кеңири маалымат берилбегенин же өлкөдөн комментарий берүү суралбаганын белгилешти.

Ошол эле учурда, украиналык жетекчилер сунуштун убактысы саясий жактан жүйөлүү деп эсептешүүдө. Сунуш президент Владимир Зеленскийдин өкмөтүн да таасирленткен коррупциялык чуулгандуу окуяга туш келди. Украинага жакын булак жетекчилердин муну Кремлдин алсыраган Украина башкаруусунун бул абалдан пайдалануу аракети экендигин ойлогонун белгиледи.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова шаршемби күнү АКШдан расмий каналдар аркылуу маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүндө айтылган Украинага байланыштуу "келишимдер" боюнча эч кандай маалымат ала электигин билдирди.

Кремль буга чейин Путиндин Аляскада Трамп менен жолугушкандан бери Украина боюнча тынчтык келишиминин мүмкүнчүлүгү боюнча позициясынын өзгөрбөгөнүн билдирген.

АКШнын Axios жаңылыктар сайтынын маалыматы боюнча, Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф жана Путиндин өкүлү Кирилл Дмитриев өткөн айдын аягында Флоридада Украинадагы согушту токтотуунун алкагын талкуулоо үчүн жолугушкан.

Каабрга караганда АКШнын 28 пункттан турган планы Трамптын Газадагы келишимге ортомчулук кылуу боюнча ийгиликтүү аракетине негизделип даярдалган.

Иликте
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт
Нетаньяху  аскердик катчысы Роман Гоффманды Моссаддын директорлугуна дайындады
Азербайжан: Британия менен коргонуу тармагындагы мамилелерде "жаңы барак ачылды"
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмостук экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти
Орусия Евробиримдиктин активдерди тартып алуусу "согушка алып келерин" эскертти
Кытай Израилдин кол салууларына көңүл буруп, Газадагы ок атышпоону толук аткарууга чакырды
Путин Индияда: коргонуу, энергетика жана стратегиялык байланыштар алдыңкы планга чыкты