ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Каза болгон ливиялык аскердик делегация үчүн Анкарада жаназа зыйнаты өткөрүлдү
Түркия Анкарада трагедиялуу учак кырсыгында каза болгон ливиялык аскердик жетекчилер үчүн дуба кылды.
Каза болгон ливиялык аскердик делегация үчүн Анкарада жаназа зыйнаты өткөрүлдү
Ankara hosted a ceremony for the Libyan delegation before repatriation. / AA

Түркия ишемби күнү борбор шаар Анкарада бир учак кырсыгында каза болгон жана араларында Ливиянын башкы штабынын төрагасы армиянын генералы Мухаммед Али Ел - Хаддад да болгон ливиялык аскердик делегация мүчөлөрүнүн сөөгүн Ливияга жиберер алдында жаназа зыйнатын өткөрдү.

Ливиянын аскердик делегациясын ташыган жеке учак 23-декабрда Анкарада кулап, араларында делегациянын беш мүчөсү жана үч экипаж да болгон сегиз кишинин баары каза болду.

Жаназа зыйнаты Азем Мүртед аба базасынын командирлигинде өттү. Бир минуталык эскерүүдөн кийин Куран окулуп, каза болгондор үчүн дуба кылынды.

Маркумдардын аттары аталгандан кийин Ливия делегациясынын сөөктөрү учакка жүктөлүп Ливияга жөнөтүлдү.

Жаназа зыйнатына Түркиянын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, башкы штабдын төрагасы генерал Селчук Байрактароглу, кургак жер күчтөрүнүн командири генерал Метин Токел, деңиз күчтөрүнүн командири адмирал Эржүмент Татлыоглу, Ливиянын Анкарадагы элчиси Мустафа Элгелаиб, Ливия аскердик длегация мүчөлөрү жана маркумдардын үй - бүлөлөрү катышты.

Каза болгондордун арасында Ливиянын башкы штабынын төрагасы генерал Мухаммед Али Аль-Хаддад, Ливия армиясынын командири генерал-лейтенант Футури Грибел, Ливиянын аскердик заводдорунун директору бригада генералы Махмуд Жума Эль Гитевий, Ливиянын башкы штабынын төрагасынын кеңешчиси Мухаммед Ассави жана фотограф Мохаммед Омар Ахмед Махжуб болгон.

Башкы штабдын төрагасы генерал Селчук Байрактароглу да Ливиянын аскердик делегациясынын сөөгү өз өлкөсүнө жөнөтүлгөндөн кийин ал жерде өтө турган аскердик салтанатка катышуу үчүн Ливияга кетти.

Иликте
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Ферганинин алтынчы спутниги FRG-100D4 орбитасына ийгиликтүү жайгашты
Көрүнбөгөн фронт: Түркиянын электрондук согуш мүмкүнчүлүктөрү
Чанкырыдагы Япраклы жайлоосу күздүн түстөрүнө бөлөндү
TRT World Forum 6 - 7-ноябрда Стамбулда өтөт
Тышкы иштер министри Фидан Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Рютте менен жолугушту
Түркия, Катар, Пакистан жана Индонезия коргоо өнөр жайы келишимине кол коюшат
Түркия менен Бельгиянын ортосундагы чек ара кылмыштарына каршы күрөштө жаңы доор башталды
Стамбул аэропорту "дүйнөнүн эң жакшысы" деп таанылды
Президент Эрдоган: «Биз өлкөбүздү аймагыбыздагы чыр-чатактардан алыс кармадык»
Министр Фидан сауд кесиптеши менен сүйлөштү
Түркия Диянет Фонду Керкүктөгү муктаж балдарга жардам көрсөттү