Швеция Украинага карата каржылоону жогорулатып беш өлкөгө карата жардамды токтотту
Стокгольм Боливия, Либерия жана Зимбабведеги жардам ишмердүүлүгүнө багытталган үч элчиликтин жабылышын жарыялады.
Швециянын коомдук SVT телеканалы Швециянын беш Африка жана Түштүк Америка өлкөсүнө жасалган узак мөөнөттүү өнүктүрүү жардамдарын акырындык менен токтотуп, бул ресурстарды Украинага багыттай турганын жарыялады.
Эл аралык өнүктүрүү кызматташтыгы жана тышкы соода министри Бенжамин Дуса жума күнү өкмөттүн Танзанияга, Мозамбикке, Зимбабвеге, Либерияга жана Боливияга жардам берүүнү токтоторун айтты.
Бул өлкөлөргө адатта бөлүнгөн болжол менен 212 миллион доллардын Украинага которулаары айтылды.
"Украинаны колдоо биздин милдетибиз жана жоопкерчилигибиз. Бир жерден акча келиши керек, бюджет тең салмактуу болушу керек",- деди Дуса.
Узак мөөнөттүү жардам программалардын 2026-жылдын 31-августуна чейин аяктай турганы белгиленди.
Бул кадам өкмөттүн Швециянын жалпы жардам бюджети келерки жылы 5,95 миллиард доллардан 5,63 миллиард долларга чейин кыскартыла тургандыгы тууралуу жарыясынан кийин таштлды.
Дуса өзгөчө мындан тышкары, жардам иш-аракеттерине багытталган Боливиядагы, Либериядагы жана Зимбабведеги үч элчиликтин жабыла турганын жарыялады.
«Бул кадам бул үч өлкө менен дипломатиялык байланыштарыбызды жана карым - катнаштарыбызды токтотобуз дегенди билдирбейт; тескерисинче, бул карым - катнаштар соода жана элдер аралык карым - катнаштарга дагы көп көңүл буруп ар кандай жолдор менен кайра иштелип чыгаарын билдирет», - деп айтты Дуса.
Дуса ошондой эле гуманитардык жардамга узак мөөнөттүү жардамдын өзгөрүшү таасир этпей турганын кайталады.