Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
Папа Лео акыркы жумаларда АКШ-Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн согушун ачык сында.
Дүйнө жүзү боюнча 1,4 миллиард адамы бар католик чиркөөсүнүн лидери Папа Лео АКШнын президенти Дональд Трамптын өзүнө каршы түз кол салуусунан кийин согушка каршы үнүн көтөрүүнү улантарын айтты.
Дүйшөмбү күнү Африканын төрт өлкөсүнө жасаган 10 күндүк сапарын баштоо үчүн Алжирге бараткан учакта журналисттер менен маектешкен Рим папасы Лео билдирүүлөрүнүн «кыянаттыкка колдонулганын» билдирди.
Лео англис тилиндеги билдирүүсүндө : «Мен аны менен талашка түшкүм келбейт. Инжилдин кабары айрым адамдар жасагандай кыянаттык менен колдонулбашы керек деп эсептейм», — деди. Ошондой эле Рим папасы: «Мен согушка каршы үнүмдү катуу чыгарууну, тынчтыкты жайылтууну, мамлекеттер ортосундагы диалогду жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү, ошондой эле көйгөйлөргө адилеттүү чечимдерди издөөнү уланта берем», — деп кошумчалады.
АКШ-Израилдин Иранга каршы согушуна ачык сын айткан
Папа : "Бүгүн дүйнөдө көп адам азап чегүүдө. Көптөгөн бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатат. Менимче, кимдир бирөө туруп, жакшы жолдун бар экенин айтышы керек. Чиркөөнүн кабары, менин кабарым, Ыйык Китептин кабары бул: Тынчтыкты орнотуучулар бактылуу. Мен өзүмдүн ролумду саясий, саясатчы катары көрбөйм," - деди.
Теги чикаголук болгон Лео акыркы апталарда АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун ачык сындап келет. Ал ишемби күнкү тынчтыкка чакырыгында согушту айыптады.
Дональд Трамп Папанын согушка жана Ак үйдүн миграциялык саясатына карата сындарына жооп кайтарып, жекшемби күнү Леонун ишмердүүлүгүн «начар» экендигин айтты.
Трамп өзүнүн «Truth Social» тармагындагы билдирүүсүндө: «Папасы Лео кылмыштуулукка каршы күрөштө алсыз жана тышкы саясатта начар», — деп жазды.