ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Нетаньяху мезгилинде оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин мыйзамсыз конуштары 40 пайызга өстү
Израиль маалымат каражаттары Нетаньяхунун 2022-жылдын аягында түзүлгөн азыркы өкмөтү тушунда оккупацияланган Батыш Шериадагы мыйзамсыз Израиль конуштарынын саны 128ден 178ге көбөйгөнүн кабарлады.
Нетаньяху мезгилинде  оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин мыйзамсыз конуштары 40 пайызга өстү
/ Reuters

Израилдин маалымат каражаттарына ылайык, оккупациядагы Батыш Шериада Биньямин Нетаньяху жетектеген азыркы өкмөттүн тушунда мыйзамсыз отурукташуу пункттарынын саны 40 пайызга өстү жана отурукташкандардын кол салуулары да көбөйдү.

Израилдин Канал 12 телекөрсөтүүсү Нетаньяху өкмөүнүн 2022 -  жылдын акырында түзүлүшүнөн бери оккупация астындагы Батыш Шериада мыйзамсыз Израиль конуштарынын ылдам көбөйгөндүгүн белгиледи.

Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташкандардын саны 128ден 178ге көбөйүп, болжол менен 40 пайызга өскөнүн, ошол эле учурда палестиналыктардын үйлөрүнүн талкалангандыгын маалымдады.

Отчет Нетаньяхунун Ликуд партиясынын Израилдин 14 министри жана Кнессеттин (парламенттин) спикери Амир Охана Нетаньяхудан оккупацияланган аймактарды тез арада аннексиялоону талап кылган катка кол койгондон эки күндөн кийин келди.

Өткөн аптада, 28-июнда, Батыш Шерианын борбордук бөлүгүндөгү Кафр Малик шаарында отурукташуучулардын кандуу кол салуусунда үч палестиналык набыт болуп, жети киши жарадар болгон.

Канал: "Ондогон жаңы конуштардын жарыяланышы, мыйзамсыз бекеттердин ылдамдык менен курулушу, стратегиялык жолдордун курулушу жана Палестинадагы имараттардын кеңири масштабда талкаланышы, аймактагы еврейлердин көзөмөлүн күчөтүүнү жана эки мамлекеттүү чечимди иш жүзүндө жок кылууну көздөйт", - деди.

Канал ошондой эле ашынган оңчул "Регавим" кыймылынын башкы директору Меир Дойчтун төмөнкү сөздөрүнө орун берип: "Эч бир өкмөт отурукташууну мынчалык кубаттаган эмес. Израиль мамлекети түзүлгөндөн бери (1948/Палестиналык Накба) биринчи жолу Иудея менен Самарияны (оккупацияланган Батыш Шериа) үй ээси катары башкарып жатат."

 Мыйзамсыз конуштар

Отчетко ылайык, Израилдин азыркы өкмөтү түзүлгөндөн бери оккупацияланган Батыш Шериада кеминде 50 жаңы мыйзамсыз конуш жарыяланды.

«Изилдөө маалыматтарына караганда жаңы таанылган конуштардын 19зу мурунтадан бар эле, жетөө азыркы учурда жайыт фермасы, 14ү конуштардагы маалалар жана 10у  жөн гана кагаз жүзүндөгү конуштар»,- деп айтылды.

Канал: "Ондогон жаңы конуштардын курулушунан тышкары, Батыш Шериадагы учурдагы конуштарда курулуш акыркы эки жарым жылда рекорд койду жана айрыкча 2025-жылдын башынан тарта дагы да көбөйдү", - деди.

41,709 мыйзамсыз отурукташуучу турак-жайы бекитилгенин жана бул сандын Нетаньяху өкмөтүнө чейинки алты жыл ичинде катталгандардан ашканын маалымдады.

Канал Батыш Шериадагы мыйзамсыз отурукташуу пункттарынын саны 2024-жылдын акырына карата 214кө жеткенин, алардын 66сынын Израилдин Газадагы геноцид учурунда курулганын белгиледи.

 Канал учурдагы өкмөттүн алгачкы эки жылында мурунку эки жылга салыштырмалуу бекеттердин саны болжол менен 300 пайызга көбөйгөнүн билдирип: "Курулган мыйзамсыз бекеттердин көбү кең аянтты ээлеген ферма бекеттери болуп саналат жана жайыт аянттары учурда Батыш Шерианын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө 787 чарчы километрди түзөт" ,-деген маалыматты бөлүштү.

Канал турак жай курулушунун көбөйүшү мыйзамсыз отурукташкандардын санынын көбөйүшү менен бир убакта болгонун белгилеп, 2013-жылдан 2023-жылга чейин оккупацияланган Батыш Шериадагы отурукташкандардын саны 38 пайызга көбөйүп, 374 000ден 517 000ге жеткенин, оккупацияланган Батыш Шерианын отурукташуу кеңеши Йешанын маалыматтарына таянып билдирди.

Иликте
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү
Түркиянын орнотулган электр энергиясынын кубаттуулугу 125 598 мегаваттка жетти
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматынан кетти
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Ортомчулар АКШ менен Иран Швейцарияда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктаганын билдиришти
Иран: Ливандагы согушту токтотуу аракеттеринде ийгиликтерге жетишилди
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»