ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Непалдык "Эверест адамы" 31 жолу чокуга чыгып, өз рекордун жаңылады
55 жаштагы Ками Рита Шерпа 1994-жылы коммерциялык экспедиция учурунда биринчи жолу Эверест тоосунун чокусуна чыккан.
Непалдык "Эверест адамы" 31 жолу чокуга чыгып, өз рекордун жаңылады
/ Reuters

55 жаштагы непалдык альпинист жана "Эверест адамы" деп аталган Ками Рита Шерпа шейшемби күнү дүйнөдөгү эң бийик тоо Эвересттин чокусуна 31-жолу чыгып, рекорддун жаңылады. Бул ийгилик анын биринчи жолу чокуга чыгушунан 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин ишке ашты.

"Легендарлуу Ками Рита Шерпанын Эверестке 31-жолу ийгиликтүү чыккандыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз – бул тарыхтагы эң көп чыгуу саны," – деп билдирди Seven Summit Treks экспедициясын уюштуруучулар.

Уюштуруучулар тарабынан жасалган билдирүүдө: "Ками Рита Шерпа тааныштырууга муктаж эмес ысым. Ал улуттук альпинизм баатыры гана эмес, ошол эле учурда Эвересттин дүйнөлүк символу", - деп айтылды.

Шерпа биринчи жолу Эвересттин чокусуна 1994-жылы коммерциялык экспедицияда иштеп жүргөндө чыккан. Ошондон бери ал дээрлик жыл сайын Эверестке чыгып, кардарларды жетектеп келет.

Өткөн жылы, 8849 метр бийиктиктеги чокуга 29 —жана 30-жолу чыккандан кийин сөз сүйлөгөн Шерпа: "Мен жөн гана жумушумду аткарып жатам",- деп, рекорд коюу планынын жок экендигин белгилеген.

"Рекорд үчүн кубанычтамын, бирок рекорддор бир күн жаңыланат. Мен эң көп Непалдын дүйнөгө таанылышына салым кошконум үчүн бактылуумун," – деп билдирет AFP маалымат агенттигине.

Seven Summit Treks маалыматына ылайык, Шерпа шейшемби күнү Индия армиясынын командасын жетектеп, чокуга чыгып, командадагы акыркы мүчөлөрдү да чокуга жеткирген.

Бул жетишкендик жазгы альпинизм сезону аяктап жаткан учурда ишке ашты. Непалдын Туризм департаментинин маалыматына караганда маршрут ачылгандан бери 500дөн ашуун альпинист жана гид Эвересттин чокусуна жетип, кыска мөөнөттүү жакшы аба ырайынан пайдаланышты.

Быйылкы сезон акыркы жылдардагы өлүм эң аз катталган учур болду. Эвересттин бийик лагерлеринде бир филиппиндик жана бир индиялык эки альпинист каза болушту.

Быйыл Непал 1100дөн ашуун альпинисттик уруксат берип, анын ичинде Эверест үчүн 458 уруксат берип, 5 миллион доллардан ашуун киреше тапты. Өлкөдө дүйнөнүн эң бийик 10 чокусунун сегизи жайгашкан жана жыл сайын жазда аба ырайы жумшак жана шамал тынч болуп турган кезде жүздөгөн авантюристти кабыл алууда.

Иликте
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү
Губернатор: Украинанын дрондору Орусиянын Туапсе мунай иштетүүчү заводуна кол салды
Эрдоган: "Жасалма интеллект жана технологиялык төңкөрүш дүйнөлүк жумушчу күчүн өзгөртүүдө"
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
"Трамп Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу сунушуна макул эмес"
Ок атышпоо келишимин бузган Израиль Ливандын түштүгүндө төрт кишини өлтүрдү
Ирактын Координациялык алкагы премьер-министрликке Али аз-Зайдинин талапкерлигин көрсөттү