ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди
Министрликтен берилген маалыматта Россиянын Бакудагы элчиси Михаил Евдокимовдун Тышкы иштер министрлигине чакырылганы белгиленди.
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда 5-июль күнү кечинде Николаев облусундагы SOCAR май куюучу станциясына дрондор менен кол салуу болгондугуна байланыштуу элчи Евдокимовго Азербайжан тараптын нааразычылыгы билдирилип, окуя боюнча дипломатиялык нота тапшырылды.

Бул биринчи жолу болуп жаткан окуя эмес экендиги белгиленген билдирүүдө, буга чейин да Украинадагы SOCAR компаниясына таандык жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компрессордук станция менен Одессадагы мунай базасы аскердик чабуулдарга жана согуштун кыйраткыч кесепеттерине дуушар болгондугу, ал окуяларда ири көлөмдө материалдык зыян келтирилип, компаниянын кызматкерлери жаракат алгандыгы эскертилди.

Бир нече жолу жасалган эскертүүлөргө карабастан ушул сыяктуу кол салуулардын уланып жатышы алардын атайылап уюштурулуп жатканынан кабар берери белгиленип, Киевдеги Азербайжан элчилигинин жана Харьковдогу Ардактуу консулдуктун имараттары да ар кандай аба чабуулдарынан зыян тарткандыгы катталды.

Евдокимов менен болгон жолугушууда Вена конвенцияларына ылайык, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү коргоо боюнча милдеттенмелердин так аткарылышынын маанисине көңүл бурулду.

Россиядан аталган окуялардын бардыгын кеңири масштабда иликтөө, болгон окуялар боюнча Азербайжан тарапка тиешелүү түшүндүрмө берүү, ошондой эле жарандык объекттерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоо талап кылынды.

 

 

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат