ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эмине Эрдоган: 'Үй-бүлө коомдун эң негизги түзүүчү бөлүгү'
Эмине Эрдоган Эл аралык үй-бүлө форумунун гала иш-чарасында салттуу структураларга болгон коркунучтардын күчөшүнө каршы үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо үчүн дүйнөлүк биримдикке чакырды.
Эмине Эрдоган: 'Үй-бүлө коомдун эң негизги түзүүчү бөлүгү'
/ User Upload

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлиги тарабынан уюштурулган Эл аралык үй-бүлө форумунун алкагында өткөрүлгөн гала – кечесинин кечки тамагында сөз сүйлөдү.

Арткан кызыгууга көңүл бурган Эмине Эрдоган: «Кыйынчылыктарыбыз менен тынчсызданууларыбыздын орток экенине ишенем, үй-бүлөгө карата коркутуулар абдан күчөгөн мезгилде баарыбыз аны коргоону каалайбыз»,-деди.

Форумдун «бул жалпы максатка жетүү үчүн күчтүү тилектештиктин биринчи кадамы» экендигине ишенгендигин айтты.

Коомдун негизги элементи

Эмине Эрдоган үй-бүлөнү "коомдун эң негизги элементи" деп мүнөздөп, үй-бүлөнүн баалуулуктардын, коопсуздуктун жана улуттук иденттүүлүктүн булагы экенин баса белгиледи. "Гүлдү көбөйтүү үчүн бутакты сууда тамыр алдыргандай  эле, үй-бүлө да маданият мурасын көктөткөн суусу болуп саналат", - деди.

 Эмине Эрдоган «глобалдык коркунучтардын» салттуу үй-бүлө түзүлүшүн бузуп жатканын белгилеп, бул коркутуулардын «чепти ичтен багындырууну» жана балдардын аң-сезимин бутага алуу экенин баса белгиледи.

Эмине Эрдоган өкмөттөрдү коргоочу саясатты күчөтүүгө чакырып: "Үй-бүлө бүткүл дүйнө жүзүндөгү коомдордун жалпы баалуулугу, бардык диндердин ыйыгы", - деди.

Түркия  2025 -  жылды үй – бүлө жылы деп жарыялады

Эмине Эрдоган 2025-жылды "Үй-бүлө жылы" деп жарыялаганын билдирип, Түркиянын үй-бүлөлүк биримдигин бекемдөөгө багытталган нике жана балдарды колдоо, камкордукка алуу программалары, ошондой эле ЮНИСЕФ тарабынан жогору бааланган "Ыктыярчы элчилер" долбоору сыяктуу демилгелерге көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын тектүү маданий баалуулктарынан да сөз кылган Эмине Эрдоган : "Түрк маданиятынын руху – муундар чогуу жашаган чоң үй-бүлө", - деди. Гарвард университетинин изилдөөсүнө шилтеме жасап: "Адамдын бактылуулугунун сыры – бекем жана туруктуу мамилелерди кура билүүдө", - деди.

Эмине Эрдоган дүйнөдө болуп жаткан кыйынчылыктарга  токтолуп: "2023-жылдын 7-октябрынан бери Палестинада 2 миңден ашуун үй-бүлө бардык мүчөлөрү менен жок кылынды", - деп эл аралык коомчулукту кризисти көрмөксөнгө салбоого чакырды.

Үй-бүлө жана экологияга карата милдеттенмелер

Программанын алкагында 15 өлкөнүн өкүлдөрү БУУнун 78-Башкы ассамблеясында биринчи жолу жарыяланган "Нөлдүк таштандылар боюнча глобалдык ниет декларациясына" кол коюшту. Палестина, Нигерия, Сенегал, Малайзия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү өздөрүнүн милдеттенмелерин билдиришти.

Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ бул маанилүү күндө Эмине Эрдоганга үй-бүлөлүк дарактын картинасын белек кылды.

Эмине Эрдоган кийинчерээк социалдык тармактарда бөлүшкөн билдирүүсүндө: "Үй-бүлө – адамзаттын эң байыркы, эң кадырлуу жана эң баалуу казынасы. (…) Ушул ишеним менен, Эл аралык үй-бүлө форумунун гала кечесинде дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген министрлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканыма кубанычтамын", - деди.

Бейшемби күнү Стамбулда 27 өлкөнүн министрлеринин катышуусунда башталган Эл аралык үй-бүлө форуму "Үй-бүлөбүз - келечегибиз" деген темада өтүүдө.

Эки күнгө созула турган иш-чара Түркия Республикасынын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин колдоосунда, өлкөнүн 2025-жылдагы Үй-бүлө жылынын алкагында ишке ашырылууда.

Режеп Таййип Эрдогандын жабылыш сөзүн сүйлөшү күтүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр