Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «2-Салттуу спорт оюндары» өтүүдө
МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «2-Салттуу спорт оюндары» өтүүдө1995-жылы Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан негизделген Кыргызстан-Түркия «Манас» университетинде (КТМУ) «2-Салттуу спорт оюндары» өтүп жатат.
Түрк Мамлекеттер Уюмунун "Манас" университетиндеги Салттык спорт оюндары / TRT

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ)  «Чыңгыз Айтматов» атындагы шаарчасындагы Салттуу спорт оюндары аянтында 20-21-октябрда өтүүчү Салттуу спорт оюндарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн 15 университетинен 269 студент катышкан иш-чара көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган театралдык оюн-зоок жана спортчулардын парады менен башталды.

КТМУнун ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан салттуу спорттун маданият менен кесилишкен жери бар  экенин жана бардык салттуу спорт түрлөрү түрк маданиятын чагылдыра турганын баса белгиледи.

Жейлан салттуу маданиятын чагылдырган ар бир спортчуну жеңүүчү деп эсептешкендерин белгилеп: "Салттуу спортто азыркы спорттон айырмаланып, атаандашты катуу сабап жеңүү болбойт. Атаандашыңды кармасаң, кечирүү сезими эң чоң баалуулук. Кечиримдүүлүк биринчи орунда турган оюндарда эң көп упай берилет. Мына ушул түрктүн айкөлдүк сезиминен келет»,-деди.

Оюндарда спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер, анын ичинде тогуз коргоол, акыл оюну, мангала, жаа атуу, кыргыз күрөш, шалбар күрөш, таяк тартмай (мас-рестлинг) боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Стамбулда жайгашкан Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун демөөрчүлүгү менен өтүп жаткан оюндар эртең сыйлыктарды тапшыруу жана жабылуу аземи менен жыйынтыкталат.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт