ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Пезешкиан: АКШнын Иранга болгон кысымы "коркунучтуу" баскычка жетти
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан согушту улантууну каалабагандыгын, анын ордуна өлкөнүн туруклуутугун бекемдөөгө басым жасап жатканын билдирди.
Пезешкиан: АКШнын Иранга болгон кысымы "коркунучтуу" баскычка жетти
Ирандын президенти өлкөгө болгон басым критикалык, кооптуу баскычка жеткенин билдирди. /Сүрөт: AFP

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БРИКС саммитинин алдында Индияда жасаган билдирүүсүндө АКШнын өлкөсүнө карата кысымы өтө кооптуу жана коркунучтуу этапка жеткенин айтты.

Ирандын лидери жума күнкү билдирүүсүндө : "Иран акыркы жылдары катуу санкцияларга дуушар болду; бул кысым акыркы айларда АКШ менен Израилдин аскердик чабуулдарынан кийин өтө кооптуу жана коркунучтуу этапка жетти", - деди.

Пезешкиан: "Бүгүн дүйнө болуп көрбөгөндөй башаламандык мезгилди өткөрүп жатат",- деп кошумчалады.

Өткөн айда АКШ Тегеранга каршы жүргүзүлүп жаткан согуштун алтынчы айында Иран өкмөтүнүн «бардык калган экономикалык жашоо булактарын» үзүүгө багытталган «Экономикалык четтетүү операциясы» деп аталган «теңдешсиз» чектөө пакетин киргизди.

Тегерандын туруктуулугу

Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен согушту улантууну колдобой турганын билдирип, өлкөнү алдыдагы окуяларга даярдоо үчүн туруктуулукту күчөтүүгө чакырган.

«Mehr» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Пезешкиан бул билдирүүнү Ирандын университет ректорлору менен жолугушууда жасаган.

«Мен согушту улантууну жактабайм, бирок алдыдагы окуяларга карата өлкөнүн туруктуулугун бекемдешибиз керек», — деди Пезешкиан.

18-июнда АКШ менен Иран аскердик операцияларды токтотуу боюнча меморандумга келишкен. Ага ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин өтүшүнө кепилдик берүү жана 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.

Бирок кийин бул келишим бузулуп, июль айында согуш аракеттери кайра башталган. АКШ Ирандагы буталарга чабуулдарын жандандырып, өлкөнүн портторуна деңиз блокадасын кайра киргизген.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"