ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль Ливандын түштүгүндөгү айылдарды басып алууну пландаштырууда
Кол салуунун максаты — танкка каршы атылган окторду токтотуу жана Хизбулла тобуна кысым көрсөтүү экени белгиленүүдө.
Израиль Ливандын түштүгүндөгү айылдарды басып алууну пландаштырууда
Маалыматтарга караганда, Израиль армиясы чабуулдар үчүн колдонулган аймактарды белгисиз мөөнөткө чейин ээлеп алышы мүмкүн. / Reuters

Израилдин маалымат каражаттары өлкө бийлиги ракеталык соккуларды токтотуу максатында Ливандын түштүгүндөгү чек арага жакын жайгашкан биринчи айылдар тилкесин көзөмөлгө алууну пландап жатканын кабарлады.

Израилдин "Channel 12" телеканалынын маалыматына караганда, саясий жетекчилик армияга танкка каршы куралдар атылган Ливандын каалаган аймагын "экинчи буйрукка чейин" оккупациялоо буйругун берүүнү пландаштырууда.

Канал: "Израиль элге коркунуч туудурагн бардык аймактарды, өзгөчө Ливандын түштүгүндөгү биринчи айылдар тилкесин көзөмөлгө алууну көздөп жатат",- деп билдирди, бирок булардын кайсы айылдар экени тууралуу маалымат берген жок.

Израиль армиясы 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө турган ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, акыркы күндөрү Хизбулла менен болгон чек арадагы кагылышуулардан улам Ливандын бүткүл аймагына абадан соккуларын күчөттү.

Ливандын расмий өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, 2-марттан бери Израилдин чабуулдарынан кеминде 968 адам каза болуп, 2432 адам жаракат алды.

Учурдагы чыңалуу 28-февралдан бери Иранга каршы жүрүп жаткан АКШ-Израиль биргелешкен операциясынын алкагында болууда. Бул операцияларда Иранда 1300гө жакын адам каза болду.

Тегеран Израилден тышкары Иорданияны, Иракты жана Перс булуңундагы өлкөлөрдү бутага алган учкучсуз учактар ​​жана ракеталык чабуулдар менен жооп кайтарып,"АКШнын аскердик объектилерин" бутага алганын билдирүүдө.

Иликте
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти