САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Украин губернаторунун айтымында, орус күчтөрү Сумы облусундагы төрт айылды басып алды
Сумы облусунун губернатору орус аскерлеринин Украина аймагында "буфердик аймакты" түзүү аракетинин бир бөлүгү катары чек ара айылдарын басып алганын билдирди.
Украин губернаторунун айтымында, орус күчтөрү Сумы облусундагы төрт айылды басып алды
/ Reuters

Украинанын Россия менен чектешкен Сумы облусунун губернатору, Россиянын күчтөрү Украинанын аймагында "буфердик зона" түзүү максатында төрт айылдын көзөмөлүн алгандыгын маалымдады.

Россиянын аскердик булактары жана Россияны колдогон блоггерлер акыркы күндөрдө бул аймактагы айылдардын басып алынганын кабарлашкан. Сумы облусу Россиянын чабуулдары башталгандан бери бир нече жолу аба соккуларына дуушар болду.

Дүйшөмбү күнү социалдык тармактарда маалымат берген Сумы облусунун губернатору Олег Григорьев чек арага жакын Новеньке, Басивка, Веселивка жана Журавка айылдарынын колго алынгандыгын белгиледи. Григорьев бул айылдардын тургундарынын буга чейин эвакуациялангандыгын айтты.

"Душман болжолдуу буфердик зона түзүү максатында алга жылуу аракеттерин улантууда", - деп жазган Григоров, Украина күчтөрүнүн "абалды көзөмөлдөп, душманга так сокку уруу менен натыйжалуу зыян келтирип жатканын" белгиледи.

Кагылышуулардын Володымира жана Биловодыв сыяктуу жакын айылдарда уланып жаткандыгы билдирилди. Россиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү бул айылдардын да көзөмөлгө алынгандыгын маалымдаган.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы дүйшөмбү күнү басып алынган айылдардын батыш тарабында орус күчтөрүнүн аткылоонун натыйжасында бир жаарндын каза болгонун билдирди.

Сумы облусу Россиянын Курск облусуна чектеш жайгашкан. Бул жерде украиналык аскерлер 2023-жылдын август айында чек арадан өтүп рейд жүргүзгөн. Москва украиналык аскерлерди бул аймактан сүрүп чыгарганын айтса, Киев өз күчтөрүнүн азыр да активдүү экендигин билдирүүдө.

Өткөн дем алыш күндөрү белгилүү украиналык аскердик блог DeepState орус күчтөрүнүн Сумы облусундагы чек ара айылдарынын сызыгы боюнча биринчи жолу позицияларды ээлей баштагандыгын кабарлады.

Сумы облусунун борборуна жасалган Россиянын ракеталык кол салуусу өткөн айда, Пальма базарында 35 адамдын өмүрүн алган.

DeepState дүйшөмбү күнү орус күчтөрүнүн чыгыш тарапта, Харьков облусундагы Вовчанск шаарынын жанында жаңы чабуулдарды баштаганын да кабарлады. Бул аймакта Москва 2024-жылдын май айында да бир фронт ачкан.

Батыш курал-жарак чектөөлөрүн жойду

Ошол эле учурда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц дүйшөмбү күнү Батыш өлкөлөрү Украинага берилген куралдардын аралыгын чектөөлөрүн жойгонун жана Киевдин эми Россиянын аймагындагы аскердик объектилерге сокку ура аларын айтты.

Мерц Берлиндеги форумга катышып: "Эми Украинага берилген куралдарга аралык чектөөлөрү жок. Британиялыктардан да, француздардан да, бизден да, америкалыктардан да",- деди. Өзгөчө мунун эми Россиядагы аскердик позицияларды бутага алуусуна жол ачканын билдирип: "Муну бир канча убакыт мурун жасай албас эле. Өтө аз учурларды эске албаганда, муну бир канча убакыт мурун да жасаган эмес. Бирок азыр муну жасай алат",- деп кошумчалады.

Украина Кытайды Россияга жардам берүүдө деп айыптады

Башка окуяларга да каралганда Украинанын тышкы чалгындоо кызматынын башчысы дүйшөмбү күнү Кытайдын Россиядагы аскердик заводдорго материал жеткирип жаткандыгын айткан.

Украинанын тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Олег Иващенко: «Чындыгында, Кытай атайын химиялык продукцияларды, порошокту жана коргонуу өндүрүшүнө компоненттерди берип жаткандыгына байланыштуу маалыматтар ортого чыкты",- деди.

Иващенко мамлекеттик маалымат агенттиги "Укринформго" берген маегинде, бул боюнча өздөрүндө 20 орус заводу тууралуу тастыкталган маалыматтардын бар экенин жана 2024-2025-жылдары Россия менен Кытайдын ортосунда авиация өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча кеминде беш учур катталганын билдирди.

Өзгөчө 2025 - жылдын башынан тарта орус учкучсуз учуучу аппараттарындагы орчундуу электрондук компоненттердин 80 пайызынын Кытайдан келгендигин айткан Иващенко :“Ошол эле учурда, продукцияны алмаштыруу, жаңылтуучу аталыштар жана микроэлектроника өндүрүшү үчүн керектүү нерселерди жеткирүүчү компаниялар бар,” - деп кошумчалады,

Өткөн айда Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайды Россияга түздөн-түз аскердик колдоо көрсөтүүдө деп айыптап, Россиянын ракеталарын өндүрүүгө катышкан Кытайдагы ишканаларга санкцияларды киргизген.

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт